Кыргызстандын мечиттеринде Мьянмада көз жумган мусулмандарга багышталып куран окулат

© Sputnik / Василий Батанов / Медиабанкка өтүүКуран окуу. Архив
Куран окуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мьянманын Ракхайн штатындагы мусулман-рохинжалар менен будда дининдеги бирмалыктардын ортосундагы келишпестик бир нече жылдан бери уланып келет

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. 8-сентябрь, жума күнү өлкө аймагындагы бардык мечиттерде Мьянмадагы кагылышууда каза тапкан мусулмандардын арбагына багышталып куран окула турганын муфтият билдирди.

Маалыматка ылайык, мында жергиликтүү жашоочуларга болгон зомбулуктун эми кайталанбашы үчүн дуба-тилектер кылынмакчы.

Столкновения между силами безопасности и боевиками в Мьянме - Sputnik Кыргызстан
Мьянмадагы кырдаал. Кыргызстандыктар эмнеге дүрбөдү?
Эскерте кетсек, муфтият Мьянмадагы абал боюнча кайрылуу жасап, КР бийлигинен аталган мамлекеттеги мусулмандардын укугун коргоо боюнча талаптарга түшүнүү менен мамиле жасоосун өтүнгөн. Мындан тышкары, кырдаалдан улам Кыргызстандын аймагында чыр-чатактын алдын алуу максатында тийиштүү чараларды көрүүгө чакырган.

Мьянманын Ракхайн штатындагы мусулман-рохинжалар менен будда дининдеги бирмалыктардын ортосундагы келишпестик бир нече жылдардан бери уланып келет.

Чатак аталган мамлекетте бийлик аскерлерийлерден жарандык өкмөткө өтүп, демократиялык реформалар башталганда күч алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0