Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" көзөмөл өткөрүү жайы ишин жандантты

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүЧек ара көзөмөл пункту. Архив
Чек ара көзөмөл пункту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Достук" Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн негизинде ачылды

ОШ, 7-сен. — Sputnik. Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" көзөмөл өткөрүү жайы ишин жандантып, андан өтүү процедурасы жөнөкөйлөтүлүп, эми күнү-түнү иштемей болду. Бул туурасында вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев аталган иш-чарага байланыштуу өткөн салтанатта айтты.

© Sputnik / Зульфия ТургуноваКыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" чек ара көзөмөл өткөрүү жайы ишин жандантып, кыргыз-өзбек чек арасынан өтүү жөнөкөйлөтүлүп, эми күнү-түнү иштейт
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Достук чек ара көзөмөл өткөрүү жайы ишин жандантып, кыргыз-өзбек чек арасынан өтүү жөнөкөйлөтүлүп, эми күнү-түнү иштейт - Sputnik Кыргызстан
1/2
Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" чек ара көзөмөл өткөрүү жайы ишин жандантып, кыргыз-өзбек чек арасынан өтүү жөнөкөйлөтүлүп, эми күнү-түнү иштейт
© Sputnik / Зульфия Тургунова2010-жылдан тарта бүгүнкү күнгө чейин аталган жай күндүн кайсы бир гана маалында иштеген.
2010-жылдан тарта бүгүнкү күнгө чейин аталган жай күндүн кайсы бир гана маалында иштеген. - Sputnik Кыргызстан
2/2
2010-жылдан тарта бүгүнкү күнгө чейин аталган жай күндүн кайсы бир гана маалында иштеген.
1/2
Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" чек ара көзөмөл өткөрүү жайы ишин жандантып, кыргыз-өзбек чек арасынан өтүү жөнөкөйлөтүлүп, эми күнү-түнү иштейт
2/2
2010-жылдан тарта бүгүнкү күнгө чейин аталган жай күндүн кайсы бир гана маалында иштеген.

Анда вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Ош облусунун жетекчиси Таалайбек Сарыбашев, Өзбекстандын бийлик өкүлдөрү жана жергиликтүү жашоочулар катышты.

"Достук" чек ара көзөмөл өткөрүү жайы ишин жандантып, күнү-түн иштеп башташы кыргыз-өзбек эли үчүн тарыхый окуя болуп отурат. Бул эки мамлекеттин ар тараптан кызматташуусуна кеңири мүмкүнчүлүк ачып берет", — деди Зилалиев.

2010-жылдан тарта бүгүнкү күнгө чейин аталган жай күндүн кайсы бир гана маалында иштеген. Чек араны кесип өтүү үчүн бир катар документтер, атайын чакыруу же телефонограмма тыкыр талап кылынып келген.

"Эми эки эл ары-бери жөнөкөйлөтүлгөн шарт менен каттап, кошумча документтер талап кылынбайт", — деди вице-премьер.

Ал эми Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Ош менен Анжиян өз ара ынтымагын бекемдегенин айтты.

Визит президента Узбекистана Шавката Мирзиёева в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев менен Мирзиёевдин жолугушуусу. Президенттер эмнелерди убада кылышты
"Бүгүн эки эл үчүн чоң майрам. Бул күндү "кыргыз-өзбек достук күнү" деп белгилесек болот. Ош менен Анжиян шаарлары соода-экономикалык, маданий-гуманитардык мамиле келишимине кол койдук. Мындан ары эки шаар эмес, эки мамлекеттин достугуна жаңы кадамдар жасалып, чек ара боюнча мурдагы көйгөйлөр болбойт деп ишенебиз", — деди ал.

Салтанатта алгач кыргызстандыктар концерттик программа тартууланган.

"Расмий бөлүгүндө эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү сөз сүйлөп, жалпы элге куттуктоо айтышты. Салтанаттын урматына өзбекстандыктар "тынчтык болсун" деген ниетте курмандык чалышты", — деп айтылат Ош шаарынын мэриясынын маалыматында.

Вице-премьер бул иш Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагындагы сүйлөшүүлөрдөн кийин болгондугуна токтолду.

Эске сала кетсек, Мирзиёев 5-6-сентябрда Бишкекке мамлекеттик иш сапар менен келип, анда эки тараптуу бир нече документтерге кол коюлган. Негизги маселе катары кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы боюнча жетишилген макулдашуусу болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0