Бишкекте 10 өлкөнүн кардиологдору баарлашат

© AFP / Mahmoud ZAYYATДарыгерлер. Архив
Дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара академик Мирсаид Миррахимовдун 90 жылдыгынын, Улуттук кардиология жана терапия борборунун негизделишинин 40 жылдыгынын урматына арналып өтүүдө

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Бишкек шаарында Евразиялык кардиологдордун төртүнчү конгресси өтөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Ага ылайык, иш-чара академик Мирсаид Миррахимовдун 90 жылдыгынын, Улуттук кардиология жана терапия борборунун негизделишинин 40 жылдыгынын урматына арналып, 11-сентябрь күнү калаадагы мейманканалардын биринде болот.

"Конгресске Россия, Белоруссия, Армения, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Япония, Индия, Кытайдан келген 60тан ашуун дарыгер, окумуштуулар катышат. Алар жүрөк оорусуна каршы туруу боюнча пикирлерин ортого салат", — деп жазылат маалыматта.

Мындан сырткары, Кордиологдордун евразиялык ассоциациясынын тегерек столу уюштурулуп, учурдагы көйгөйлөр талкууланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0