Оң рулдуу таксилерге 4 айдан соң тыюу салынат. 50 миң сомго чейинки айыппул. Долбоор

Жазылуу
Эгер мыйзам кабыл алынып калса, азыркы айып пулдун көлөмү алдаканча жогоруламакчы

БИШКЕК, 9-сен — Sputnik. 2015-жылы Кыргызстанда Жол кыймылынын жаңы эрежелери кирген, ага ылайык, эреже бузууларга жаза эки эсе көбөйгөн. Былтыр Жогорку Кеңеш ошондой эле оң рулдуу унаалардын коммерциялык максатта колдонулушуна тыюу салуу маселесин да талкууга алган. Бирок, депутаттар оң рулдуу таксилерди көзөмөлдөөнүн механизми жоктугунан улам мыйзамдын тез арада ишке киришин туура көрүшкөн эмес.

Анын жыйынтыгында президент Алмазбек Атамбаев кол койгон мыйзамга ылайык, жүргүнчү ташуу тармагында оң рулдуу унааларга тыюу салчу мыйзам 2020-жылдан тарта гана күчүнө кирет эле.

Таксинин шашкиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Оң рулдуу унааларга 2020-жылдан тартып айып пул салынмай болду
Жакында Коопсуздук кеңеши өлкөдө жол кырсыктарынын санын азайтуу чаралары жөнүндө чечим кабыл алды. Андан улам, ИИМ оң рулдуу унаалардын жүргүнчү ташуу тармагында кызмат көрсөтүүдө пайдаланышына 2018-жылдан тарта тыюу салчу, айып пулдарды жогорулатуу жана башка өзгөртүүлөр камтылган мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты. Документтин тексти өкмөттүн расмий сайтына жарыяланган.

Мындай өзгөртүүлөр КРдин Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодекске жана "Автомобилдик транспорт жөнүндөгү" мыйзамга киргизилмекчи. Sputnik Кыргызстан алардын ичинен эң кызыктуу жана урунттуу учурларын белгилейт.

Мыйзам долбоорунун 230-1-беренесинде оң рулдуу унааларды такси катарында колдонууга 2018-жылдын 1-январынан тарта тыюу салынары жазылган. Бир жолку мыйзам бузууга – 2000 сом, ал эми жыл ичинде экинчи ирет кайталанса — 3 миң сом айып пул салынат же алты айга айдоочулук күбөлүгү алынат.

Коопсуздук кемери, айнекти караңгылатуу жана тюнинг

Бузук автоунааны айдоого салынчу айып пулдун көлөмү 500 сомду түзөт, долбоордун демилгечилери аны 2 миң сомго чейин көтөрүүнү сунуштоодо. Коопсуздук кемерин курчанбаган айдоочу же коргоочу мототуулга кийбеген мотоциклист азыркыдай 300 сом эмес, 500 сом айыпка жыгылат.

Рулда мобилдик телефон колдонгону үчүн инспектордун айдоочуга эскертүү берип же азыркы 200 сомдун ордуна 500 сом айып пул салууга акысы бар. Машинаны кайрадан жабдуу (тюнинг) үчүн айдоочу 3 миң сом (азыркы 2000 сомдун ордуна) айып төлөөгө мажбур.

Тийиштүү уруксаты жок жарык жана добуш сигналдары бар автомобилди айдоо кожоюнду 2000 сом айып төлөп, алты айга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыроого дуушар кылат. Ошондой эле жарыктандыруу жана үн жабдыктарынан да куру жалак калат.

Унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатса, азыркы 2 миң сомдун ордуна 5 миң сом айып пул каралган. Бул жобо өкмөттүн токтому менен бекитилген тизмедеги атайын автоунааларга тийиштүү эмес.

Катуу айдаса

Эгер айдоочу белгиленген ылдамдыкты саатына 10 чакырымдан өтүп, бирок 20га жетпесе, 700 сом төлөөгө милдеттүү, ал эми бүгүнкү күндө – 500 сом.

Авторынки в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кырдаал курчугунда Генштаб суроо-сопкутсуз алып коюшу мүмкүн болгон унаалар. Тизме

Белгиленген ылдамдыктан 20дан ашып, бирок саатына 40 чакырымга жетпесе, азыркы миң сомдун ордуна 1500 сом айып салуу сунушталууда.

Эгер ылдамдык саатына 40тан жогору болуп, бирок саатына 60 чакырымга жетпесе, азыркы 2000 сомдун ордуна айып пулдун өлчөмү 3 миң сомду түзүп калат.

Ал эми айдоочу 60тан тез жүрүп, бирок саатына 80 чакырымга жетпесе, беш миң сом айып салынат же үч айга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат.

Саатына 80 чакырымдан ашырса, анда айдоочу транспорттук каражатты айдоо укугунан алты айга ажыратылып, 8 000 сом айып пул төлөйт.

Жол чырактын тыюу салган түсүндө айдап кетүү

Мындай эреже бузууда миң сом айып менен жазалоо, ал эми жол белгилери менен белгиленген же жолдун өтүш бөлүгүндө чийилген стоп-сызыкка токтоо, жол чырактын өчүп-күйгөн маалында өтүү же жолдогу автоинспектордун ишараты боюнча жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 миң сом айып салуу сунушталууда.

Эрежени кайталап бузушса, ушундай эле өлчөмдө айып салынып, үч айга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат.

Жол кайгуул кызматкерине баш ийбөө

Мыйзам долбооруна ылайык, милиция кызматкеринин мыйзамдуу талаптарын көз жаздымда калтыруу айдоочуну эки миң сомго чыгым кылат, мурда миң сом эле. Эгер жашы жете элек жаран эреже бузса, ага эскертүү берилип же 20 саатка коомдук иштерге мажбурлоо сунушталган.

Жол белгилери, айланып өтүү жана башка эреже бузуулар

Автомобильный завод Toyota в Мельбурне - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда Fit менен Lexus баасы теңелеби? Келерки жылга унаа баасынын божомолу
Жол белгилерин же жолдогу чийимдерди көзгө илбеген айдоочу миң сом, ал эми натуура айланып өтүү же бурулуу эки миң сом айыпка жыгат.

Унааны туура эмес жерге коюу жана токтоткондугу үчүн айдоочу миң сом, ошондой эле маңдайлаш тилкеге айдап чыгууга — 5 миң сом айып салынат (азыр миң сом). Эгер айдоочу жүргүнчү ташуу эрежелерин буза турган болсо, анда ал эки миң сомунан ажырайт.

Кимде ким жөө адамды өткөрбөй койсо, ал 3 миң сом (миң сом ордуна), ал эми жол чекесине, тротуар, жөө жүргүнчүлөр өтчү же веложолдорго түшүп алган айдоочу — 2 миң сом төгөт.

Мас болуп айдоо

Алкоголь, баңгизат жана токсикомандык каражат пайдаланган абалда айдаган кыргызстандыктарга 30 миң сом айып салынып, эки жылга айдоочулук күбөлүктөн ажыратылат. Азыркы учурда мыйзамда бул үчүн – 10 миң сом жана бир жылга айдоочулук укуктан ажыратуу каралган.

Эгер айдоочу мас болуп кырсык болуп кетчү жагдайды жаратса, ал эки жылга айдоочулуктан четтетилип, 40 миң сом айыпка жыгылат. Эгер мас айдоочу кабылган жол кырсыкта адам жабыркаса, айыпкер 50 миң сом төлөп, үч жыл рулга олтура албайт.

Мындай кырсыкка жашы жете элек жаран кабылса, 40 саатка коомдук иштерге салынып, машина айдоого бир жылдык мөөнөткө тыюу салынат.

Эгер унаа ээси рулга мас кишини отургузса, анда 20 миң сом өлчөмүндө жаза каралган.

Айдоочу медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүүдөн баш тартса, эгер анын мас экендиги аныкталган шартта 10 миң сом айып пул тартат. Андан сырткары үч жылга транспорт каражаттарын айдоого тыюу салуу менен жазалашат.

Кырсык кырдаалын жаратуу

Авторынки в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте беш миң доллардан арзан унаа калбайт. Эмне үчүн?
Жөнөкөй кишинин тили менен бул "акылсыз айдоо" деп аталат. Бул үчүн азыркы эки миңдин ордуна айдоочу 3 миң сом төлөйт.

Эгер эрежени жөө жүргүнчү, велосипедчен же жол кыймылынын башка бир катышуучусу бузган учурда, алар азыркыдай эле миң сом менен жазаланат.

Эгер рулдагы жаран башка айдоочуларга материалдык зыян келтирүү менен кырсык кырдаалын жараткан болсо, ал 8 миң сом айып пул төлөп, эки жылга айдоочулук укугунан ажырайт.

Күбөлүксүз айдоо, документ көрсөтүүдөн баш тартуу

Транспорт колдонууга укугу жок (же күбөлүктөн ажыратылган) айдоочу 5 миң сомго айыпка жыгылат, ал эми мындай кайталанса – 10 миң сом же беш суткага административдик камакка алынат. Жашы жетелектер 10 сааттык коомдук ишке тартылат.

ИИМ тарабынан сунушталган жобого ылайык, Жол кайгуул кызматынын документ текшерүү боюнча мыйзамдуу талабын аткарбаган айдоочу 3 миң сомго жазаланат. Эгер мындай көрүнүш кайталана турган болсо, 5 миң сомго өсөт же айдоочу бир жылга айдоочулуктан оолактатылат.

Ашмалтай болуп, улам эреже буза берсе

Төкмө акын Идирис Айитбаев (оңдо). Архив - Sputnik Кыргызстан
Мирзиёев ак таңдай акын Идирис Айитбаевге үй жана машина тартуулады
Жол эрежелерин кайра-кайра бузган (үч ирет же андан ашык) айдоочулар 10 миң сом өлчөмүндө жаза алып же бир жылга транспорт айдоодон алыс болушат.

Бул катуулатылган жазалардын толук тизмеси эмес. Мыйзам долбоорунда коомдук жайларда спирт ичимдиктерин ичүү, беделге шек келтирүү жана сөгүнүү, майда ээнбаштык, атайын кызматтарды жалган чакыруу жана башка тартип бузуулар да каралган. Документтин толук тексти менен өкмөттүн расмий сайтынын "Ченемдик-укуктук актыларды коомдук талкуулоо" бөлүмүнөн тааныша аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0