"Кыргыз темир жолу" ишканасы жолтандабас сатып алуу үчүн тендер жарыялады

© AFP / TORU YAMANAKAToyota Land Cruiser Prado автоунаасы. Архив
Toyota Land Cruiser Prado автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тендерге катышууга арыз берүү 20-сентябрда аягына чыгат

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. "Кыргыз темир жолу" ишканасынын Түштүк аймагындагы бөлүмү 1 миллион 400 миң сомго (болжол менен 20 миң доллар) жолтандабас сатып алууга тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, аталган ишкана үчүнчү муундагы Toyota Land Cruiser Prado үлгүсүндөгү унааны сатып алат. Жолтандабастын чыгарылган жылы 2006-2009-жылга чейин, кара же ак түстө болушу керек.

Тендер 8-сентябрь күнү саат 21.24тө жарыяланган. Арыз берүү 20-сентябрда аягына чыгат.

Жаңылыктар түрмөгү
0