Facebook тармагында таанышуу үчүн өзгөчө функция пайда болду

© AFP / JOEL SAGETFacebook социалдык тармагынын логотиби. Архив
Facebook социалдык тармагынын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы функциянын жардамы менен достордун ичинен ким менен жолуккуңуз келгенин бөлүп койсоңуз болот

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Facebook тармагында пайда болгон жаңы функция колдонуучулардын жолугушууга баруусуна шык берерин TechCrunch басылмасы жазып чыкты.

Уюлдук телефондогу WhatsApp тиркемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан
WhatsApp тиркемесинде бизнести илгерилетүүчү жаңы функция пайда болот
Маалыматка ылайык, аталган функциянын жардамы менен достордун ичинен ким менен жолуккуңуз келгенин бөлүп койсоңуз болот. Бирок сиз белгилеп койгон кишилердин да каалоосу болсо гана пайдаланууга мүмкүн.

Учурда сынамак үчүн жаңы функция Канада жана Жаңы Зеландиянын Messenger колдонуучулары үчүн жеткиликтүү.

Facebook киргизип жаткан бул кызмат Tinder онлайн-таанышуу кызматына окшош.

Жаңылыктар түрмөгү
0