Элчилик АКШнын бороондо калган аймактарына барбай турууга чакырат

© REUTERS / Carlos BarriaПоследствия урагана "Ирма" в США
Последствия урагана Ирма в США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Суунун толкуну 9 метрге чейин жеткен

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. "Ирма" бороонуна жана жарыяланган өзгөчө кырдаалдан улам АКШ жана Канададагы элчилик кыргызстандыктарды АКШнын Флорида, Пуэрто-Рико шериктештиги жана Виргиния аралдарына барбай турууга чакырган билдирүү таратты.

Гигантские волны обрушились на Гавану — кадры урагана Ирма - Sputnik Кыргызстан
Гаванада "Ирма" бороонунан улам 9 метрге жеткен толкун көтөрүлдү. Видео
Эскерте кетсек, жекшемби күнү Флориданын түштүк-батыш аймагы "Ирма" бороонуна кабылган. АКШ президенти Дональд Трамп өзгөчө кырдаал жарыялап, 6,3 миллион жашоочуну эвакуациялоо зарылдыгы жаралган. Учурда 114 миң киши убактылуу баш пааналоочу жайда жашап жатат.

Элчилик аталган аймактарда жашаган кыргызстандыктарды сак болуп, жергиликтүү бийликтин айткан талабына көнүү зарыл экенин эскертет.

Кыргызстандын жарандары өзгөчө абал жаралган маалда элчилик менен +1 (202) 256-2924 номери аркылуу байланыша алат. Кызмат күнү-түнү иштейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0