Бишкекте майыптар арасында шахмат боюнча Азия биринчилиги өтөт

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүУниверсиада. 10-й день. Шахматы
Универсиада. 10-й день. Шахматы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдешке Казакстан, Өзбекстан, Бутан, Индия, Иран, Пакистан, Австралия, Түркмөнстандын спортчулары катышат

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Бишкекте ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында шахмат боюнча Азия чемпионаты болот. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Бой Валентины Шевчкенко в Амандой Нуньес - Sputnik Кыргызстан
Шевченко Нуньес менен дагы бир ирет беттешүүнү талап кылды
Маалыматка ылайык, иш-чара 14-сентябрдан 22-сентябрга чейин өтмөкчү. Анда угуусу, көрүүсү начарлар, жакшы кыймылдай албаган өспүрүмдөр менен чоңдор ат салышат. Мелдешке азырынча Казакстан, Өзбекстан, Бутан, Индия, Иран, Пакистан, Австралия жана Түркмөнстандын спортчуларынын катышуусу күтүлүүдө.

Иш-чараны уюштурууга олипиадалык эмес спорттун түрү боюнча дирекция 4 миллион 809 миң сом бөлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0