Официант с тарелкой полного мяса на одном из свадеб в Бишкеке

Өзүн актаган жана сызга отургузган тойлор. Инсультка жеткирген насыя

4106
(жаңыланган 18:30 15.09.2017)
Бегимай Бакашева
Кыргызстанда той берем деген адам карыздаса дагы акча табат, бирок ар дайым эле убагында жана шар кутулуп кетпейт.

Стол ийилген дүйүм тамактар, шатыра-шатман коноктор, шайыр тамада, түгөнбөгөн тосттор... Албетте, мунун баары той ээси эртеси "Алтын балык" жомогундагы кемпирдей жыртык тепшини кучактап калбаса абдан жакшы көрүнүш.

Банктан 250 миң сом алып, эки тойду бир берген Жамал Асанова (аты өзгөртүлдү — ред.) жакшылыгынан жарым жыл өтүп-өтпөй инсульт илдетине чалдыккан. Азыр каарманыбыздын бир ыптасы кыймылдабай, келиндин багуусунда экенин Sputnik Кыргызстан агенттигине бейтаптын сиңдиси Марал айтып берди.

"Эжем былтыркы күздө небересинин бешик тоюн, кичүү уулунун үлпөт тоюн берем деп банктан насыя алган. Пайыздык төлөмдөрүн кошкондо бир жыл бою айына 25 миң сомдун тегерегинде акча төлөп турмак. Эмнегедир той өзүн актабай калып, карызды өз чөнтөгүнөн төлөш керек болду. 2-3 ай төлөгөндөн кийин кыйнала баштады. Мугалимдин айлыгы менен айына 25 миңди кантип төлөйсүң? Жаңы үй-бүлө курган балдары дагы акчалай жардам бере алган жок. Ошентип бешинчи айга келгенде эжем инсульт болуп жыгылды", — деди сиңдиси.

Асанова учурда бирөөнүн жардамысыз эч нерсе кыла албайт. Ал эми карыздан кутулуу үчүн колундагы уул-келини апасын улуу баласынын үйүнө жеткирип, Россияга иштегени кетишиптир.

Ушул сыяктуу каржылык жана башка оор жагдайларга кабылбаш үчүн мүмкүнчүлүк жок болсо той бербей эле койгон туура экенин финансы боюнча консультант Искендер Шаршеев айтат. 

Исполнительный директор Ассоциации иностранных инвесторов Искендер Шаршеев
© Фото / Айжамал Кондучалова
Финансы боюнча консультант Искендер Шаршеев

"Адам бул тойдун аркасынан канча акча келерин толук түшүнүшү керек. Анткени той бүгүнкү күндө өзүнчө бизнес болуп калды. Биздеги тойлорго коноктордун 40 пайызы өзүнүн жеген тамагынын акчасын көтөрө барат. Ал эми катыштары жетишсиз болуп калса, бир топ акча жок болуп кетет", — деди Шаршеев.

Анткен менен финансист адам конокту өзүнүн чөнтөгүнө ылайыктап тоссо, иш-чаранын эч кимге зыяны тийбей, пайда гана алып келерин кошумчалады.

"Той, бата алуу — бул жакшы нерсе. Тойдо карым-катнаштар бекемделет, акчалай катыштар жанданат. Кафе-ресторандардын иши жүрүшүп, айыл-чарба продукциялары, мал сатылат. Экономикалык көз караш менен караганда, мындай той мамлекетке дагы пайдалуу. Ошондуктан кыйналбай туруп бир торпок сойгонго гана алы жетчү адам жылкыга аракет кылбай эле торпогун сойсо туура болот. Бирок бул жерде конокко келгендер дагы сын-пикирден алыс болуп, шартты түшүнүү маданиятын калыптандырышы зарыл", — деди ал.

Шаршеевдин пикиринде, той жакшы бизнес эмес, анткени биздин тойлордо ысырапкорчулук көп, бул акчанын 50-60 пайызын абага чачып ийгенге барабар. Ошол себептүү үй-бүлөнүн бюджетинде кошумча акча пайда болмоюнча той өткөрүүнүн пайдасы жок.

Дээрлик бардык банктар тойго кредит берет

Кыргызстанда иш алып барган 25 банкка кардар катары кайрылып көргөнүбүздө, анын ичинен үчөө гана той-ашка насыя бербей турганын айтышты. Экөө кредиттин эч бир түрүн сунуштабайт. Ал эми калганы керектөөчү насыянын алдында кардарлардын жакшылыктарын каржылап беришет. Керектөөчү насыянын шарттары боюнча банктардын арасынан эки-үчөө беш жылдык мөөнөт менен 5-8 миллион сомго чейин насыя беришет. Басымдуу бөлүгү үч жылга 100-150 миң сомдун тегерегинде каржылоону сунушташат.

Шарттары кадимкидей, өздүктү тастыктаган документтер, киреше тууралуу жана жашаган жериңден маалым кат керек. Суммасы азыраак болсо бир-эки адамдын кепилдиги, чоңураак болсо күрөөгө кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк коюлат.

Үстөк пайызы боюнча айтсак, сом менен берилчү насыялар 13-33 пайыз менен (бирок 13 пайыздык насыялар 1-2 гана банкта, көпчүлүгү 20 пайыздан жогору), доллар менен 13-22 пайыздан берилет.

Кайсы региондордо насыя көп алынат?

Кыргызстанда жакшылык-жамандыкка насыя алгандардын сап башында Ош шаары турат. Анда ар бир алтынчы насыя жамандык менен жакшылыктарга жумшалат экен. Ал эми жалпы Ош облусун алганда болгону үч пайызды гана түзүп, өлкө боюнча эң төмөнкү көрсөткүч болуп эсептелет. Муну БУУнун калкты жайгаштыруу фонду жыл башында эсептеп чыккан.

Статистикага караганда, той үчүн насыя алгандардын көбү 20 жашка чейинки кыз-келиндер — бул курактагы адамдар алган ар бир жетинчи насыяны тойго жумшайт.

Ал эми эркектер арасында насыя алгандардын көбү 70 жаштан ашып калгандар — алар алган ар бир онунчу насыяны тойлорго сарптайт.

Тойдон "күйгөндөрдүн" саны белгисиз

Кыргызстанда той берүү үчүн канча адам банктан насыя алып, анын ичинен канчасы кутула албай калгандыгы тууралуу эч жерде так маалымат жок. Sputnik Кыргызстан агенттиги Каржы жана Экономика министрликтерине, Улуттук банкка жана "Ишеним" кредиттик бюросу менен байланышканда карызын төлөй албай, мүлкүн алдыргандар боюнча статистика ар бир банктын өзүндө гана сактала турганын айтышты.

Ал эми банктардын басымдуу бөлүгү бул маалымат финансылык сыр катары сакталарын дароо айтса, айрымдары бул суроого жооп берүү мүмкүнчүлүгүн карап көрөрүн билдиришти.

Кыскасы, канча адам арзыбаган нерсе үчүн карызга батып жатканын так биле алган жокпуз.

Карыз бергендер

Тойдогу бийчи. Архив
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Акчасы жок болсо дагы той берүүнү эңсеген эл бир гана банктарга кайрылбастан, чакан кредиттик компаниялардын же эл арасында "процентке акча бергендер" деп айтылган адамдардын кызматын пайдаланышат.

Элге карызга акча берип оокат кылгандар текшерүүчү органдардан коркушабы же башка себептери барбы, айтор, журналистмин деген адам менен сүйлөшкүлөрү келбейт экен. Андыктан бир нече кредиттик ишканалар менен жеке тараптарга кардар катары кайрылууга туура келди.

Чакан кредиттик компаниялардын басымбуу бөлүгү насыяны бир жылдык убакытка 30-38 пайыз менен берет. Биз байланышкан компаниянын адиси "Тоюбузга 80 миң сом жетпей жатат, насыя бересиңерби?" деген суроомо сылык-сыпаа жооп берип, шарттарын түшүндүрө кетти.

"Иштеген жана жашаган жериңизден маалым кат алып келесиз. Күрөөгө эч нерсе албайбыз, бирок кепилдик бере турган бир адам болушу зарыл. Биз акчаны 38 пайыз менен беребиз. Ошондо негизги карыз катары ай сайын 6667 сом, үстөк пайызын кошкондо биринчи айда 9200 сом төлөйсүз. Кийин үстөк пайызы азайып отуруп, 12-айда 6877 сом төгүшүңүз керек болот", — деди адис.

Ошондо сиз бул компанияга бир жылда 80 миң сомдун үстүнө 17 миң сом кошуп беришиңиз керек болот экен.

Кийинки каарманыбыз карыз алгандардын түн уйкусун бузуп "процентке" акча берген адам. Аны жарнама сайттарынын биринен таптык. Өзүн Руслан деп тааныштырган маектешиме дагы той бергенге 80 миң сом жетпей жатканын, төрт ай ичинде төлөп береримди айттым. Бирок ал эң аз дегенде 100 миң сом берерин айтып, карыздын үстөк пайызын эсептеп берди.

"100 миң сомду төрт айга тең бөлөбүз, бул 25 миң сомдон. Ал эми ай сайын анын үстүнө беш миң сомдон кошуп төлөйсүз. Ошондо төрт ай бою 30 миң сомдон төлөп отуруп, 100 миң сомду 120 миң кылып бересиз", — деди Руслан.

Күрөө катары акчанын суммасына жараша кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк алат экен. Менин мисалымда айдап жүргөн унаамды карыздан кутулгуча ага генералдык ишеним кат менен өткөрүп беришим керек экен.

Шарият эмне дейт?

Ислам дини туугандардын, достордун чогулуп, бири-биринин жакшылыгына ортоктош болуусун колдойт, бирок ысырапкорлукка терс көз карашта экенин Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Үгүт-насаат, даават бөлүмүнүн адиси Султанали Гапуров айтып берди. 

Казы по Ошской области Султанали ажы Гапуров во время выступления
© Фото / пресс-служба ДУМК КР
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Үгүт-насаат, даават бөлүмүнүн адиси Султанали Гапуров

"Шариятта нике кыйылганда, кыздуу болгондо бир кой, уулдуу болсо эки кой союп, тиешелүү адамдарга жар салып койгула деп айтылган. Ал эми ысырапкорлук — бул күнөө. Ислам дини карызга акча алып той берүү, негизи эле насыя алууну дагы туура эмес деп эсептейт. Анын үстүнө той берүү адамга милдеттүү нерсе эмес. Бардык нерсени алына жараша гана кылган туура", — деди Гапуров.

Тойдогу ысырапкорлукка мыйзам деңгээлинде чектөө киргизүү маселеси Жогорку Кеңеште 2014 жана 2016-жылдары, өкмөттө 2015-жылы козголгон. Бирок бардыгы тең өтөсүнө чыкпай, сунуштама бойдон гана калган. Мисалы, 2016-жылы депутат Аида Салянова демилгелеген тойго чакырылуучу коноктун санын чектеген мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште колдоо тапкан эмес.

Аталган мыйзам долбоору мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын арасында үйлөнүү тойлорунда, үй-бүлөлүк салтанаттарда, аза күтүү каада-жөрөлгөлөрүндө ашыкча ысырапкорчулукка, шаан-шөкөткө жол бербөө максатында иштелип чыккан. Мыйзам долбооруна ылайык, бешикке салуу жөрөлгөсү, ажыга баруучуларды узатуу жана туулган күн үй-бүлөлүк чөйрөдө майрамдалса, тушоо кесүү, сүннөт той 100дөн ашпаган адамды чакыруу менен өткөрүлмөк. Кыз узатуу аземи 50дөн ашпаган адамды чакыруу менен чектелүүгө тийиш болчу. Ал эми эң ири той деп эсептелген үйлөнүү үлпөтүнө 150 мейман келмек.

Өзүн жапкан тойлор

Кээ бирөөлөрдүн "Той өзүн жапты" деп кудуңдап жүргөнүн дагы көрүп калабыз. Идеалында кафе-ресторандарда конок күткөндөр ушундай тойго умтулушат. Акыркы жылдары өзүн-өзү актаган эки чоң той берген окурманыбыз Нургүл Баатырбекова тойду туура пландоо боюнча өз тажрыйбасы менен бөлүштү. 

Бишкекчанка Нургул Баатырбекова в офисе Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Акыркы жылдары өзүн-өзү актаган эки чоң той берген окурманыбыз Нургүл Баатырбекова

"Той — туугандардын, достордун, куда-сөөктүн башын бириктирген сонун окуя эмеспи. Бирок артында олчойгон карыз, өкүнүч калбаш үчүн аны пландай билиш керек. Ар бир адам тойго кам көрүп жатып "Мен кимдин тоюна кандай кошумча кылдым эле? Анын канчасы келет?" деп суроо бериши керек. Анан ошого жараша иш кылынат. Негизи акчалай катыштарың алып келген каражат кафе-ресторандарды жабат деп эсептесе болот", — деди Баатырбекова.

Ал кошумчалагандай, тойдун алдында алынчу мал, таттуу-тарапа, ичимдик жана башка чыгымдарга той ээсинин чөнтөгүндө акчасы болушу шарт. Запаста акчасы жок туруп той өзүн жабат деп ашыкча чыгым, ысырапкорлук кылуу жаңылыштык.

4106
Белгилер:
той, банк, насыя, карыз
Тема боюнча
Кореяда той берген кыргыздар: боорсок, кошумча, өкүл ата жана "Кыргыз бийи"
Бойдокчулук менен качан коштошуу керек? Үйлөнүү көйгөйү
Жубайларга байланыштуу 11 "болбойт"
Кафе-ресторандардагы той-топурга байланыштуу 9 "болбойт"
Пикирлер