Бири-бирин ур-тепкиге алгандардын видеосу качан, кайда тартылганы аныкталды

Жазылуу
Ички иштер министрлиги акыркы учурда, тагыраак айтканда, ушул жылдын жаз жана күз айларында мындай окуя катталбагандыгын белгиледи.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Кезек-кезеги менен бир баланы ортодон өткөрүп ур-тепкиге алып жаткан өспүрүмдөрдүн видеосу мындан беш жыл мурун тартылган. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарга мектеп курагындагы балдардын бири-бирин урган видеосу жарыяланып коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Анда эки тарап болуп тизилген 20га чукул баланын отосунан бирөө чуркап өтүүгө аракет кылат. Аны тизилген балдар эки тарабынан ур-тепкиге алышкан.

Ички иштер министрлиги акыркы учурда, тагыраак айтканда, ушул жылдын жаз жана күз айларында мындай окуя катталбагандыгын белгиледи.

"Видео социалдык тармактарда чыккан күндөн баштап ИИМдин кызматкерлери жогорудагы факты боюнча текшерүү иштерин баштаган. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында окуя болжол менен мындан беш жыл мурун Бишкектин Ленин районунун аймагында болгону аныкталды", — деп айтылат маалыматта.

Учурда иликтөө иштери уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0