Бишкектин чок ортосу жарыксыз калды

© Sputnik / Артем Креминский / Медиабанкка өтүүЭлектрстнанциясы. Архив
Электрстнанциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окурмандардын айтымында, электр жарыгы түндө өчкөн

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Манас менен Чүй проспектилеринде түн жарымдан бери жарык жок экенин окурман Telegram аркылуу билдирип, буга кабелдер жабыркаганы себеп болушу мүмкүн экенин кошумчалаган.

Ошондой эле Faceebook тармагынын колдонуучулары дагы Манас — Чүй проспектилериндеги жаңы оңдолгон жер астындагы өтмөктө жарык жок экенин жазып чыгышты. 

Торжественная церемония открытия главного корпуса новых энергоблоков ТЭЦ города Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Реконструкциядан кийин Бишкек ТЭЦинин кубаттуулугу 1,5 эсеге өстү
Ал эми "Түндүкэлектр" ишканасынын маалымат кызматы Sputnik Кыргызстан агенттигине кабелдер менен беш трансформатор жабыркаганын билдирди. Мындан улам Чүй менен Манас проспектилери жана Рыскулов, Исанов көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында жарык берүү үзгүлтүккө учураган.

Аталган ишканадан маалымдашкандай учурда жеринде кызматкерлер иш алып барып жатат. Бир нече сааттан кийин жарык берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0