Дыйкандар помидорду жаңыча өстүргөндү үйрөнүшөт

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүАгроцентр "Дружино" в Омской области
Агроцентр Дружино в Омской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Семинарда дыйкандар помидордун жаңы сотторун жана гибриддерин өстүрүү боюнча таржыйба алышат

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Бүгүн Чүй облусуна республиканын ар кайсы жеринен келген дыйкандар помидорду туура өстүрүүнү үйрөнүшөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

"Помидор өстүрүүнүн жана кайра иштетүүнүн интенсивдүү технологиясы" деп аталган республикалык семинар Чүй облусундагы "Томат КейДжи" үрөн чарбачылыгынын аймагында өтөт.

"Семинарда дыйкандар помидордун жаңы сотторун жана гибриддерин өстүрүү боюнча тажрыйба алмашат. Түшүмдү жаңы технология менен өстүрүү товардын өздүк баасын азайтууга жана түшүмдүүлүктү көбөйтүүгө өбөлгө түзөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Иш-чарада сууну 36 пайызга үнөмдөөчү тамчылатып сугаруу технологиясына өзгөчө көңүл бурулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0