Талас шаары. Архивдик сүрөт

Атамбаев Таластагы драма театрынын курулушун бүтүрүүгө акча бөлдү

44
(жаңыланган 11:06 15.09.2017)
Бөлүнгөн каражатка курулуш иштери бүткөрүлүп, театрга керектүү жабдуулар сатып алынмакчы.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Алмазбек Атамбаев Талас шаарындагы Капар Медетбеков атындагы драма театрынын курулушун соңуна чыгаруу үчүн президенттик фонддон 45 миллион сом бөлгөнүн өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, облустук музыкалык-драма театры өкмөттүн демилгеси менен 2008-жылы салына баштаган. Курулуш иштери 10 жылга созулуп, актерлор ижарага алынган имаратта иштеп келишкен.

Каражат өкмөттүн алдындагы Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигине бөлүндү. Ага курулуш иштери бүткөрүлүп, театрга керектүү жабдуулар сатып алынмакчы.

44
Белгилер:
курулуш, театр, Алмазбек Атамбаев
Тема боюнча
Баткен: Өзбекстанга көз карандысыз жолдун курулушу акча жоктугунан токтоп турат