Москва шаарына Айтматовдун эстелиги коюлат

© Фото / Александр ФедоровУлуу жазуу Чыңгыз Айтматовдун архивдик сүрөтү
Улуу жазуу Чыңгыз Айтматовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Москва жана Санкт-Петербург шаарларындагы скверлерге улуу жазуучунун аты ыйгарылган.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Москванын шаардык думасынын маданият боюнча комиссиясы калаага Чыңгыз Айтматовдун эстелигин коюуну жактырганын РИА Новости агенттиги билдирди.

"Айтматовдун эстелигин коюу боюнча конкурс аяктады. Айкел Павлов жана Подольский көчөлөрүнүн кесилишиндеги Чыңгыз Айтматовдун скверине орнотулат. Аны коюуга кеткен чыгымды Кыргызстандын маданият, маалымат жана туризм министрлиги өзүнө алат", — деген пикирин комиссиянын төрагасы Евгений Герасимов билдирди.

Последняя фотосессия писателя Чингиза Айтматова в КР - Sputnik Кыргызстан
Айтматовсуз 9 жыл. Үлкөндүн караанын издегенде
Комиссиянын бардык мүчөлөрү талкуу учурунда демилгени колдоого алган.

Буга чейин улуу жазуучунун эстелигин коюу сунушун Москва шаардык думасынын монументалдык маданият боюнча комиссиясы да колдогон.

Айтматовдун аты Москвадагы скверлердин бирине былтыр май айынын аягында берилген.

Ошондой эле улуу жазуучунун аты Москвадагы Даниловский районундагы Люсиновская жана Большая Серпуховская көчөлөрүнүн кесилишинде гүл бакка да берилген. Андан сырткары, Санкт-Петербург шаарындагы скверге дагы ыйгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0