Жарыктандыруу фонарлары. Архив

Оштогу көп кабаттуу үйлөрдүн алды 30 млн. сомго жарыктандырылат

54
(жаңыланган 14:20 14.09.2017)
Ош шаарын өнүктүрүү программасын кабыл алууда негизги багыттардын бири катары көчөлөрдү жана үйлөрдү жарык менен камсыз кылуу киргизилген

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев СМУТТ, Аскер шаарчасы, Кулатов, Төлөйкөн кичи райондорундагы көп кабаттуу үйлөрдүн алдына орнотулган жарыктандыруу системасын текшергенин мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош шаарын өнүктүрүү программасын кабыл алууда негизги багыттардын бири катары көчөлөрдү жана үйлөрдү жарык менен камсыз кылуу киргизилген.

"Программанын алкагында акыркы үч жыл ичинде шаардын 174 чакырым жолу жарыктандырылды. Учурда жергиликтүү бюджеттин эсебинен 30 миллион сом бөлүнүп, шаарда жайгашкан 640 көп кабаттуу үйдүн алдына түнкү жарык орнотулууда", — деди Кадырбаев.

Ал ошондой эле бир жарым айдын ичинде шаардагы бардык үйлөрдүн алдына жарык коюларын кошумчалады.

54
Белгилер:
Айтмамат Кадырбаев, Ош
Тема боюнча
Ошто сопулар азанды көркөм айтууну үйрөнүштү
Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" көзөмөл өткөрүү жайы ишин жандантты
Пикирлер