Электрондук библиотека. Архив

Өлкө аймагындагы 60 мектепте электрондук китепкана ачылат

37
(жаңыланган 16:26 14.09.2017)
Долбоор эл аралык уюмдар тарабынан каржыланат

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Өлкө аймагындагы 60 мектепте электрондук китепкана ачылат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева билдирди.

Анын айтымында, долбоор эл аралык уюмдардын колдоосу менен ишке ашат.

"Китеп көйгөйүн чечүү үчүн өнөктөштөр менен биргеликте иш алып барып жатабыз. Анын негизинде 60 мектепке тийиштүү жаңы техникалар орнотулуп электрондук китепканалар ачылат", —деди Кудайбердиева.

Ал ошондой эле ар бир окуу китеби санариптелгендигин кошумчалады.

Белгилей кетсек, учурда өлкө аймагындагы мектептердин 83,6 пайызы китеп менен камсыздалган.

37
Белгилер:
мектеп, китеп, Кыргызстан
Тема боюнча
Окуучулар жетишсиз китептерди интернеттен көчүрө алат. Министрлик каршы эмес
"Сынган кылыч", Төлөгөн Касымбеков — аудио китеп