Сузак менен Чоң-Алайда табигый кырсыктан жабыркагандар ипотекалык насыя алышты

© Фото / Суйунбай ГулжигитовСеледен жабыркаган үй. Архив
Селеден жабыркаган үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Насыялар турак жайды кайра башынан курууга 300 миң сомдон 7 пайыз менен берилет

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Сузактын Кызыл-Туу айыл аймагында табигый кырсыктан жабыркаган төрт үй-бүлө, Чоң-Алайдын Жекенди айыл аймагында жашаган бир үй-бүлө 300 миң сомдон ипотекалык насыя ала баштады. Бул туурасында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) маалымат кызматы билдирди.

Насыялар турак жайды кайра башынан курууга 300 миң сомдон 7 жылга, ал эми калыбына келтирүүгө 200 миң сомдон 5 жылдык мөөнөткө баштапкы төлөмсүз жылына 7 пайыз менен берилет.

МИКтин маалыматы боюнча жалпысынан табигый кырсыктан улам турак жайга муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн саны Чон-Алайда 642, Сузакта 462, Өзгөндө 933гө жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0