Бишкекте жети көчө оңдолуп ачылды. Тизме

Жазылуу
Мэрия кичи райондордогу жана жаңы көрүстөнгө алып барчу жолду оңдоду

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Бишкекте капиталдык ремонттон кийин жети көчө колдонууга берилгендигин шаар мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, төмөндөгү көчөлөр ачылды:

  • Шабдан баатыр көчөсү Исакеевден Кийизбаева көчөсүнө чейин;
  • Литовская көчөсү Кийизбаевадан Шабдан баатырга чейин;
  • Безымянная көчөсү Тыналиевден №95 мектеке чейин;
  • Жаманбаев көчөсү Манас проспектисинен Шота Руставелиге чейин;
  • Жал-23 кичи районундагы Безымянная көчөсү Ахунбаевден №72 мектепке чейин;
  • 11-кичи райондогу №20, 19, 18, 21/1,17,6 үйлөрдү бойлой кеткен Куттубаев көчөсү;
  • Миңжылкиев көчөсү Тыналиевден Курчатовго чейин;
  • Ошондой эле Гроздь айлылындагы жаңы көрүстөнгө алып барчу жол оңдолду.

"Бишкекасфальтсервис" ишканасынын планы боюнча шаардын дагы 56 көчөсүндө оңдоо иштерин жүргүзүү зарыл.

Дагы 47 көчө реконструкцияланып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0