Шайлоого катышуу үчүн жаңы ID-карта алуунун зарылдыгы жок

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз республикасынын жаранын паспорту. Архив
Кыргыз республикасынын жаранын паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик каттоо кызматы үгүтчүлөргө паспорттун көчүрмөсүн же персоналдык номурун бербеш керектигин эскертти

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Кыргызстандын президентин шайлоо өнөктүгүнө катышуу үчүн эски ID-паспортту жаңыга алмаштыруу зарыл эмес экенин Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.

Ведомстводон маалымдашкандай, айрым талапкерлердин үгүтчүлөрү добуш берүүгө катышуу үчүн паспортту алмаштыруу керектигин айтып, туура эмес маалымат таркатып жатышат. Ошондой эле үгүтчүлөр шайлоочулардын паспортунун идентификациялык номерин эмнеге топтоп жатканына жарандар кызыгышууда.

Мамкаттоо кызматы шайлоого катышуу үчүн жаңы паспорт алуу зарылчылыгы жоктугун жана үгүтчүлөргө паспорттун көчүрмөсүн же ПИН номерди бербеш керектигин эскертет.

"Паспорттун ПИН номерин топтоо жөн гана убакытты алган маанисиз иш. Бир дагы талапкерге шайлоочулардын паспортунун көчүрмөсү жардам бербейт", — деп ведомстводон белгилешти.

Ошондой эле ведомство жарандарды www.shailoo.srs.kg сайтындагы шайлоочулар тизмесинен же 119 акысыз номери аркылуу өздөрүн тактап алууга чакырат.

Шайлоо үстүбүздөгү жылдын 15-октябрына белгиленген. Президенттикке 13 талапкер ат салышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0