Психолог Танаева: шайлоочу жүрөгүнүн түпкүрүндө эски саясатчыга көбүрөөк ишенет

© Фото / Анастасия РахмановаПсихолог Айзада Танаева
Психолог Айзада Танаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
10-сентябрдан тарта Кыргызстанда үгүт иштери башталып, талапкерлер колдон келишинче үгүт материалдарын элге сиңирип ийүүгө аракет кылып жаткан кези.

Ал эми электорат аны кандай кабыл алат? Негизи эле шайлоочу үгүттүн кайсы түрүнө көбүрөөк ишене турганы жөнүндө Sрutnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Бегимай Бакашевага психологиялык борборлордун биринин жетекчиси Айзада Танаева айтып берди.

— Айзада айым, азыр кайсы жакты караба президент болом дегендердин сүрөттөрү, ар кандай чакырыктары… Көптүгүнөн көзгө "көрүнбөй" деле калды.

Пленарное заседание Госдумы РФ - Sputnik Кыргызстан
Зооинженер, агроном, тарыхчы. Ажолукка ашыккандар кайсы кесипке ээ
— Сиз аларды байкабай коюуга аракет кылып жатасыз. Бул коргонуу механизми иштей баштаганын билдирет. Анткени адам ага бир нерсени таңуулаганда кыжырланып, кысым катары кабыл алат. Ошол маалда баягы жадатма жүздөрдүн теле аркылуу өзүнө добуш берүүгө чакырып жатканын көрсө, автоматтык түрдө шайлоого барбайм деп сүйлөнө баштайт. Мунун баары кишинин таңуулаган нерсени өзүнөн түртүп жатканы.

— Жарнаманын кайсы түрү шайлоочуларга жакшы таасир этет?

— Бир эле жарнама элдин баарына бирдей жагат деп айтууга болбойт. Ар ким өзүнүн жашоо шартына жараша ар кайсы тармактарга байланган. Мисалы, үй кожойкелерине, пенсионерлерге теле аркылуу кайрылган туура, ал эми унаа менен ары-бери көп каттагандар дайыма радио угушат. Жөө баскандардын колуна баракчаларды кармата койгон жакшы. Баракчалар демекчи, үгүтчүлөр үймө-үй кыдырып буклеттерди таратат эмеспи. Алар албетте, үйдө отурган пенсионерлердин колуна тиет. Кооз жана көп акча сарпталып жасалган буклеттер аларды, тескерисинче, жиндентет. Эртең эле таштандыда калчу кагазга ушунча акча короткондон көрө бизге жардам берип койбойбу деп ойлондурат. Ошондуктан, баракчалардын жупуну болгону жакшы. Талапкер карапайым элге жакыныраак сезилет. 

© Фото / Анастасия РахмановаПсихолог Айзада Танаева: бир эле жарнама элдин баарына бирдей жагат деп айтууга болбойт. Ар ким өзүнүн жашоо шартына жараша ар кайсы тармактарга байланган
Психолог Айзада Танаева - Sputnik Кыргызстан
Психолог Айзада Танаева: бир эле жарнама элдин баарына бирдей жагат деп айтууга болбойт. Ар ким өзүнүн жашоо шартына жараша ар кайсы тармактарга байланган

— Президент болгусу келген саясатчынын келбети роль ойнойбу?

— Шайлоочу үчүн талапкердин кебетеси анча маанилүү эмес. Элди чарбачыл, адилет, эл үчүн жан тарткан саясатчылар кызыктырат. Ошондой эле шайлоочу харизмасы күчтүү, өзүнө ишеними бекем, максатына жете билген лидерди ээрчийт.

— Көчөдөгү көп сандаган баннерлердин пайдасы канча?

— Алар кооз, айрымдары карапайым эл менен аралашкан таасирдүү сүрөттөрүн коюшат. Мунун баары көзгө жакшы көрүнөт. Бирок негизги кемчилиги — оголе көптүгү. Мындан улам маанилүүлүгү жоголуп кеткен.

— Ошондо шайлоочулар шайлоо алдында талапкерден эмнени күтөт?

Профайлер-верификатор, подполковник милиции Арсланбек Камчыбеков - Sputnik Кыргызстан
Калпты аныктоочу адис Камчыбеков: ич кийимине алтын каткан аялды алыстан билгем
— Жашоодо киши кандай гана чечим кабыл албасын, өзүнө жакын, жакшы тааныган адамга жан тартат. Шайлоодо деле ошондой, шайлоочу добуш бергиси келген талапкер менен көзмө-көз кезигип, каалаган суроосун берип, жооп алууну эңсейт. Анын кол жеткис бир олигарх эмес, карапайым адамга жакын саясатчы экенине ишенгиси келет.

Шайлоочулар менен жолугушуу талапкерге дагы өтө пайдалуу. Айрым саясатчылар эл алдына чыгып сүйлөп жатканда классикалык же Эриксон (адамды позитивдүү өзгөрүүлөргө даяр болчу абалга жеткирчү гипноз) гипноздорун колдонушат. Башкача айтканда, өз пикирин электоратка өтө жумшак түрдө таңуулашат. Эл уккусу келген сөздөрдү айтып, публиканы өзүнө каратып алышат. Чогулган эл алар үчүн эмитен эле чечим кабыл алынганын түшүнбөй да калат. Бирок бул методдорду мыкты пиарчылары бар гана талапкерлер колдонушат. 

© Фото / Анастасия РахмановаПсихолог Айзада Танаева: шайлоочу өзүн толугу менен канааттандырган талапкерди таппай калышы кадыресе көрүнүш, ошол себептен бюллетенде "баарына каршы" деген пункт бар. Ишеним жок болсо, айла жок
Психолог Айзада Танаева - Sputnik Кыргызстан
Психолог Айзада Танаева: шайлоочу өзүн толугу менен канааттандырган талапкерди таппай калышы кадыресе көрүнүш, ошол себептен бюллетенде "баарына каршы" деген пункт бар. Ишеним жок болсо, айла жок

— Талапкер үчүн абдан жакшы ыкма экен. Бирок таптакыр ишенбегендер да бар да.

— Шайлоочу өзүн толугу менен канааттандырган талапкерди таппай калышы кадыресе көрүнүш, ошол себептен бюллетенде "баарына каршы" деген пункт бар. Ишеним жок болсо, айла жок.

— Анын үстүнө баягы эле эски жүздөр…

Портфель - Sputnik Кыргызстан
Президенттикке талапкерлер кайсы учурда жарыштан четтейт
— Ушул жерден сизге бир аз кошулбайт элем. Анткени адам жүрөктүн түпкүрүндө баары бир эски саясатчыларга көбүрөөк ишенет. Ушул жерден бир икаяны айтып берейин. Эки адам балык кармап отурса, чиркейлер жабыла конуп талай берет экен. Бири чиркейлерди өзүнөн айдаса, экинчиси камарабайт. Анда чиркейден корккону кебелбей отурган кишиден эмнеге айдабай жатасың деп сурайт. Анда тигиниси "канымды соруп отурган чиркейлерди куусам, жаңы, ачкалары конушат. Анда менде кан деле калбай калат. Андан көрө тое жаздап калган эскилери отура берсин" дептир. Мунун түпкү мааниси адамдар баары бир көптөн бери тааныгандарга ишенет, байлыкка, мансапка тойду, эми иштээр деп үмүттөнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0