Кыргызстандык журналист Сыягүл Караман Путинден эксклюзивдүү маек алды

© Фото / предоставлено Сыягуль КараманИнтервью президента России Владимира Путина
Интервью президента России Владимира Путина - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия лидери менен болгон маекти бүгүн саат 20.30да КТРК менен Ала-Тоо 24 программасынан көрө аласыздар

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Кыргызстандык журналист Сыягүл Караман Россиянын президенти Владимир Путинден эксклюзивдүү маек алды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине кабарчы өзү билдирди.

Анын айтымында, "Взгляд" продакшн студиясы дүйнөлүк лидерлер, мамлекет башчылары жана эл аралык уюмдардын жетекчилери менен атайын маектерди даярдап жатат.

"Үстүбүздөгү жылдын декабрь айында Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү бүтүп жатат. Буга байланыштуу дүйнөлүк лидерлерге Атамбаевдин башкаруусу учурунда кандай өзгөрүүлөр болгонун, эки тараптуу мамилелердин өрчүшү жана өлкөнүн имиджине болгон таасирлер сыяктуу суроолорду узатам. Ушундай эле маселелер үстүндө Владимир Путин менен кеп кылдым", — деди Караман.

Россия лидери менен болгон маекти бүгүн саат 20.30да КТРК менен Ала-Тоо 24 программасынан көрө аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0