Таласта жеке ишкер бир айылдын көчөсүн жарыктандырып берди

Жазылуу
Айылдын негизги жолун жарыктандырууга жалпы 370 миң сом акча жумшалган.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Жеке ишкер Дамира Молдоярова Талас районунун Чат-Базар айылынын негизги чоң жолун жарыктандырып берди. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган айылдагы негизги жолду жарыктандырууга жалпы 370 миң сом жумшалган.

Эске салсак, буга чейин Ат-Башы районунун Талды-Суу айылындагы Осмоналиев атындагы мектебин 10 жыл мурда аяктагандар айылга заманбап аялдама куруп беришкен.

Ошондой эле Нарын районундагы Эмгекчил айылындагы 10 жылдыктар ижарадан ижарага көчүп-конуп, пайгамбар жашына барып калган айылдашына үй куруп беришкен.

Ал эми Ош облусунун тургуну Темирлан Токоев үйлөнүү тоюнда унааларга кете турган акчага балдарды окуу жылына даярдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0