Кыздар коендой окшош болуп баратат. Пластикалык хирургдун жинине тийген учурлар

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүОперация в клинике урологии
Операция в клинике урологии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн бишкектик "сулуулук" хирургунун кыжырына эмнелер жана кимдер тиерин билип көрөлү деп чечтик

Пластикалык хирург көнүмүш адаттар, кесиптештери жана сулуулукка болгон мода жөнүндө айтып берип, бирок окурмандардан анын сөздөрүн жүрөккө жакын кабыл албоону өтүндү.

Табыгый сулуулук үчүн күрөшкөндөр

День прощания со школой московской выпускницы Кати Мироновой - Sputnik Кыргызстан
Ала жипти аттаганын досторуна айтсын! Чач тарачтын айласын кетирген 8 көрүнүш
Мен пластикалык хирургия жөнүндө Голливуд жылдыздарынын ийгиликсиз жасалып калган "беттерин" көргөзгөн шоу программалардан көрүп-билген адамдарды көп кезиктирем. Адатта мындай адамдар өздөрүнүн барбайган мурду, ийрейген буттары менен аябай сыймыктанышат. Ал эми биздин кызматты пайдаланган адамдарды көрдөн алып жерге, жерден алып көргө салышат. Мен аларды такыр түшүнбөйм, адам бир аз сулуураак болгусу келет экен, анын эмнеси жаман? Мисалы кыз кишинин мурду эркектикиндей болуп коңкоюп турса, мүмкүнчүлүгү болсо кичирейтип алганы жакшы да. Бир келген жашоосунда ар ким өзү үчүн чечимди өзү кабыл алат.

Хирургдар жөнүндө жаңылыш ой

МТV каналынан дүйнө жылдыздарына операция жасап, Мазерати айдап жүргөн хирургду көргөн тааныштарым менин маршруткада кетип баратканымды көргөндө таң калышат. Мен катардагы эле жаранмын. Тилекке каршы, теледеги хирургдардай көп акча таппайм. Анткени, бизде пластикалык операциянын баасы Моксвадагыга караганда үч эсеге арзан. Бирок, кудайга шүгүр, тапкан акчам өзүмө кенен-кесир жетет. Анткени хирургия оңой нерсе эмес, азыркы абалга жетүү үчүн мен көп жылдар бою чоң эмгек жумшагам.

Өзүнөн өзү аягандар

"Арзандын тузу татыбайт" деген сөздүн тирүү мисалдарын көп көрөм. Кызматы меникинен арзаныраак хирургга барып алып, кийин эки башка жакты карап калган көздөрүн оңдоткону келген кардарлар болот.

Мода

Пластический хирург Султан Тукешов - Sputnik Кыргызстан
Пластикалык хирург: сурма чыгарам деп көзүн ийне менен тытып алган кыздар толтура
Коомдо сулуулуктун бардык аялзаты умтулган кайсы бир стандарттары бар. Узун чач, чейилген каш, кошулган кирпик… Айтор, баары эле сүрөттөгүдөй болгусу келет. Албетте, мага жардам сурап кайрылган ар бир аялзатын колдойм, бирок баарынын бири-бирине окшошкусу келгенине таң калам. Башка жагынан караганда, эгер ушул нерсе аялды бактылуу кыла турган болсо, мен каршы эмесмин.

Кесиптештер

Мен Бишкек, Казакстан, Россиядагы кесиптештердин эмгектерин ар дайым карап турам. Чынын айтсам, айрымдардын тилектештикти сактабаганына такыр түшүнө албайм. Көпчүлүгү башка хирургдардын жумуштарына көө жаап, ошону менен өзүнө упай топтоого аракет кылышат. Түшүнүп жатам, муну менен өзүнө кардар чогулткусу келип жаткандыр. Бирок кесиптештин картачылыгын көрүп, кардарга жардам бергиң келип жатса, жарыялабай эле кылып кой да.

Жаңылыктар түрмөгү
0