Тамада Аман Ибраев

Тамада Аман Ибраев: кыз-күйөөсү, жада калса кудасы жок той алып баргам

(жаңыланган 08:51 20.09.2017)
Күз келери менен күркүрөгөн тойлор башталды. Ал кеченин шаңына-шаң кошуп, конокторду башкарган киши — тамада. Ансыз бир да тойду өткөрүү мүмкүн эмес.

Кыргызстанда бир эле тамада жылына 335 той алып барат же 800дөн ашуун коноктун катышуусу менен 3,5 сааттык той өтөт десе ишенесизби? Мунун жообун түштүк региону боюнча тамадалардын сап башында турган Аман Ибраев менен болгон маектен таба аласыз.

— Маек алууга убакыт таба албай көпкө жүрдүк. Тойлор тынымсыз болуп жатат окшойт. Айтсаңыз, кандай адам тамада боло алат?

— Тойдо жаман-жакшы сүйлөгөн адамдар сөзсүз болот. Мен ушул убакка чейин той учурунда бир да жолу коноктор менен жаңжалдашкан эмесмин. Жаныма келе жаткан адамды көзүнөн байкайм да дароо кырдаалды жөнгө салганга аракет кылам. Тамада адамдын оюн окуй билген психолог болушу керек. Ачуусу чукул, адамгерчиликсиз, эл менен тил табыша албаган адам эч качан тамада боло албайт.

Эстрада ырчысы Назми эжееем менен дует ырдап😨 калсам эээээ

Публикация от Аман Ибраев (@aman.ibraev) Сен 16 2017 в 9:40 PDT

— Мыкты уулдун атасына рахмат айтат эмеспи. Мыкты тамаданы тарбиялып өстүргөн устаты ким?

— Мен бул тармакка 2010-жылдан тарта аралаша баштадым. Устатым белгилүү куудул, пародист Жеңишбек Айтиев. Кудай мага ошол адамды себепчи кылганы үчүн ушул деңгээлге жетип отурам. Ал түштүк жериндеги тамадалардын 95 пайызынын устаты десем жаңылбайм. Мен да бышып жетилгенден кийин артымдан 15тей шакирт өстүрдүм.

— Бир жылда канча той алып барганыңызды эсептеп көрдүңүз беле?

— Бир жылда болжол менен айтканда, 30 күн эле үйдө бош отурат экенмин. Ошондо жылына 320-335 той алып барып жатам. 

— Сыр болбосо кызмат акыңыз канча?

— Ушул жакшы суроо болду. Өзүмө эч качан "ставка" койгон эмесмин, той ээсинен ниетиң канча, мени канчага баалайсың деп сурайм. Ошого жараша 250-300 доллар, көңүлүң жакын адамдарга акысыз кызмат өтөгөн учурлар да болот. Мисалы, Кыргызстандын желегин желбиретип жүргөн спортчулардын тоюнда төрт саат бекер кызмат кылуудан аянбайм. Ар дайым жолдо жүрөбүз, Кайгуул милиция кызматкерлерине да жеңилдетилген баада чыгып беребиз.

Акча үчүн элди кыйнай берүүгө болбойт. Башкаларга да "мейли атың чыксын, күчтүү тамада бол, бирок эл ыраазы болуп берген акчасын ал, ошондо жугат" деп кеңеш берер элем.

Тамада, ведущий на тоях и торжествах по южному региону Аман Ибраев
© Фото / Замир Абдуллаев
Тамада Аман Ибраев: тамада адамдын оюн окуй билген психолог болушу керек. Ачуусу чукул, адамгерчиликсиз, эл менен тил табыша албаган адам эч качан тамада боло албайт

— Эсиңизде калган бир тойду айтып берсеңиз?

— Мындан эки-үч жыл мурда күйөө бала менен келин, жада калса кудасы жок той алып баргам. Кыш мезгиле эле… Күйөө бала Алайдан үйлөнүп, күндүз кортеж менен кызды алып келүүгө кетишкен. Мен белгиленген убакытта ресторанга бардым. Күттүк-күттүк, жок, саат түнкү 10 болуп кетти. Тойду баштап бирин-серин сөзгө чакырып коём, ырчылар ырдашты, оюн уюштурсам да кызыксыз болуп суз отурдук. Ошентип түнкү саат 12де кудалар менен эки жаш кирип келишти. Көрсө, жол тайгактыгынан унаалары ашуудан чыгалбай калыптыр. Анан эки жашты киргизип бата алып эле кайра чыгарганбыз.

— Тойдогу коноктордун көптүгү боюнча рекордуңуз канча болду?

— Кечээ эле Кара-Кулжада алып барган тоюмда коноктордун саны 800дөн ашты. Тойду кечки саат 20:30да баштап, 00.05де бүтүрдүк.

— Той тост менен эле өтүп калган жокпу?

— Жо-ок, жамаат-жамаат менен чакырып улуулары гана сүйлөдү да калганы түшүнүү менен кабыл алды. Жалпысынан ырааты менен жакшы эле өттү.

Алайда чон ресторан 6ар "Айкокул"мына ошол жердегт тойдон 6ир элес

Публикация от Аман Ибраев (@aman.ibraev) Апр 5 2017 в 10:11 PDT

— Ыңгайсыз абалда калган учурлар болду беле?

— Бул жерде той коноктордун пейилине жараша өтөрүн белгилеп кетейин. Мындан төрт жыл мурда мени Жалал-Абадга чакырышкан. Той кечигүү менен саат 21.00дө башталды да, саат 23.00дө бүтүрүш керек болду. Аягында той начар өтүп калганына мени күнөөлүү катары карап жатышканын байкап калдым да той бүтөрү менен эч кимге көрүнбөй машинага барып отуруп алдым.

— Кандай коноктор тамаданын кыжырын кайнатат?

— Менменсинген, жинди суу киргенде өзүн башкара албай калган конок көкөгө тиет. Мындан сырткары, той бүтүп калганда өзү бийлегиси келсе, калган 300-500 адам бийге суусап жаткансып музыка кой деп келип алгандар айлабызды кетирет. 

— Сизди чакырып алып, бирок аз калганда чакыруудан баш тартып койгондорду кандай кабыл аласыз?

— Андай учур болсо WhatsApp группа аркылуу бардык тамадаларга айтып коём, тойго эч ким барбайт. Бирөөнүн тоюн экинчиси тартып ала албай турган система түзүп койгонбуз.

— Тамадалардын уюму барбы?

— Ошто чыгармачыл адамдардын башын бириктирген "Азем" борбору түзүлгөн. Анын ичинде тамадалардын өзүнчө тобу бар. 17-январды тамадалар күнү деп кабыл алып жыл сайын майрамдап турабыз. Ошондой эле жыл соңунда "Ош браво" аталышында иш-чара өткөрүп жыл мыктыларын аныктайбыз. Дагы бир айта кетчү учур, биз өзүбүздүн арабабызды өзүбүз тартабыз. Анткени борбордогу башкы телеканал, гезиттер Бишкектин чыгармачыл адамдары менен гана чектелип бизге көңүл бурушпайт. Ал эми менин артымдан ушак ээрчигенде телефон чалып тындырбай калышкан.

— Тапканын тойго чаптап, карызга барып той өткөрүп ысырапкорчулукка барып жатышат деп айтылып жүрбөйбү буга сиздин пикириңиз кандай?

— Ушунча жылдан бери насыя алып той өткөрүп жатам деген адамды көрө элекмин. Эгер ал насыяга той өткөрүп жатканын билсем акысыз эле кызмат кылмакмын. Ысырапкорчулук деп тойлорду чектеп койсок, биринчи кезекте базар экономикасы токтойт. Тойдун арты менен көп адамдын иши жүрүшүп жатат да. Бул салт каныбызга сиңип калган нерсе. Андан качып кутула албайбыз. Менин оюмча той ысырапкорчулук эмес, тескерисинче кирешенин булагы болуп калды. Ар бир адам бери дегенде 500-1000 сом кошумчасы менен келет эмеспи.

Менин орун басарым Амирхан уулум

Публикация от Аман Ибраев (@aman.ibraev) Май 5 2017 в 6:38 PDT

— Маек соңунда үй-бүлөңүз туурасында айта кетсеңиз?

— Ошто туулуп өскөнүм менен ата-тегим Нарындын Ат-Башысынан болот. Атам Ат-Башыдан Ошко 16 жашында окууга келип, кийин жумушуна байланыштуу Ошто жашап калган экен. Агартуу тармагында бир топ жыл иштеген. Тилекке каршы, мындан 10 жыл мурун дүйнө салып кетти. Апам учурда Ош технологиялык университетинин Архив бөлүмүнүн башчысы. Кээде отуруп тойду кандай алып барайын деп апамдан кеңеш сурайм. Анын "элди мактап кой, ыр сураса, микрофонуңду аяба, сылык мамиле жаса, катуу тийбе" деп айткандарын көп колдоном. Мен ОшМУда дүйнөлүк тилдер факультетин аяктагам. Окууну бүткөндөн кийин Бишкектеги Техникалык университетте имугалим болуп эмгектенгем. Ал эми кийимдеримди таза, тыкан кылып тойго жөнөтүп турган келинчегимдин аты — Мелина. Кесиби боюнча косметолог. Үч кыз, бир уулубуз бар.

Белгилер:
үй-бүлө, тамада, той, Аман Ибраев
Тема боюнча
Кыргыз тилин үйрөнүп, тойлордун көркүн ачкан нигериялык жигиттин тарыхы
Онлайн үйлөнүү, музыкасыз куда күтүү — бишкектиктерди таң калтырган беш үлпөт той
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архивное фото

Жапаров: Бишкек баатыр ырыс жылоологон касиеттүү адамдардан болгон

(жаңыланган 11:26 14.04.2021)
Борбор калаа ысымын алып жүргүн Бишкек баатырдын эстелиги ачылды. Ага өлкө башчы катышып, тарыхый каарман тууралуу айтып берди.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бүгүн борбор калаада Бишкек баатырдын эстелиги ачылып, иш-чарага президент Садыр Жапаров катышты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Жапаров эстеликтин тургузулушу шаар тарыхында маанилүү окуя экенине токтолуп, Бишкек баатыр тууралуу айта кетти.

"Кыргыздын солто уруусунан чыккан Бишкек баатыр ырыс жылоологон касиеттүү адамдардан болгон. Оозеки жана документалдык булактарга караганда, Бишкек баатырдын сөөгү жашырылган жер "Пишпек-Ата коргону" аталып, ал жер калайык-калк сыйынган ыйык жайга айланган. Тегерегине акырындап эл уюп, отурукташкан журт байырлап, процесс токтобой уланып отуруп, акыры чоң шаар калыптанды", — деди президент.

Өлкө башчы кыргыз эли душмандар менен катуу салгылашып турган XVII–XVIII кылымдарда Бишкек баатыр эрдиги менен таанылганын кошумчалады.

"Бүгүнкү күндө Бишкек Кенен уулу жашап өткөн доорго кызыгуу тереңдеп, тарыхчы-окумуштууларыбыз, жазуучуларыбыз анын өмүр таржымалын ийне-жибине чейин тактаганга аракет кылып жатат. Көркөм чыгармалар, илимий иликтөөлөр жазылууда. Ал турсун анын чыныгы ысымы кандай болгондугу тууралуу тактоолор, жаңы версиялар жаралып, шаарыбыздын узак тарыхын изилдөөнүн бир багыты болуп калды", — деди Жапаров.

Сөзүнүн аягында ал борбор калаанын көркүн арттыруу үчүн бүгүн көптөгөн иш-аракеттер жүрүп жатканын, шаар жасалгасы дагы бир эстелик менен толукталганын белгиледи.

Белгилер:
Бишкек баатыр, эстелик, Садыр Жапаров, Бишкек
Тема боюнча
Борбор калаанын чок ортосунда Бишкек баатырдын эстелиги ачылды. Сүрөт
Борбор калаада Бишкек баатырдын айкелинин ачылыш аземи өттү

Борбор калаанын чок ортосунда Бишкек баатырдын эстелиги ачылды. Сүрөт

(жаңыланган 11:12 14.04.2021)
Бишкек баатырдын эстелигине шаар бийлиги тарабынан 2019-жылы сынак жарыяланган. Анда 30 скульптордун арасынан Адил Сейталиев жеңүүчү болгон.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Борбор калаада Бишкек баатырдын айкелинин ачылыш аземи өттү. Иш-чарага президент Садыр Жапаров баштаган аткаминерлер менен маданият өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.

  • Торжественное открытие памятника Бишкек баатыру на площади Ала-Тоо в Бишкеке
    Борбор калаада Бишкек баатырдын айкелинин ачылыш аземи өттү
    © Sputnik / Асель Сыдыкова
  • Торжественное открытие памятника Бишкек баатыру на площади Ала-Тоо в Бишкеке
    Бийиктиги 3,5 метр болгон эстелик шаардын Эркиндик жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишине тургузулган
    © Sputnik / Асель Сыдыкова
  • Торжественное открытие памятника Бишкек баатыру на площади Ала-Тоо в Бишкеке
    Бишкек баатырдын эстелигине 2019-жылы шаар бийлиги тарабынан сынак жарыяланган. Анда 30 скульптордун арасынан Адил Сейталиев жеңүүчү болгон.
    © Sputnik / Асель Сыдыкова
1 / 3
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Борбор калаада Бишкек баатырдын айкелинин ачылыш аземи өттү

Бийиктиги 3,5 метр болгон эстелик шаардын Эркиндик жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишине тургузулган.

Иш-чаранын ачылышында сөз сүйлөгөн мамлекет башчысы Бишкек баатыр касиеттүү адамдардан болгондугун айтып өттү.

"Бүгүнкү күндө Бишкек Кенен уулу жашап өткөн доорго кызыгуу тереңдеп, тарыхчы-окумуштууларыбыз, жазуучуларыбыз анын өмүр таржымалын ийне-жибине чейин тактаганга аракет кылып жатышат. Көркөм чыгармалар, катар-катар илимий иликтөөлөр жазылууда", — деди Жапаров.

Өлкө башчысы ошондой эле шаардагы тарыхый эстеликтерге аяр, камкор мамиле жасалышы керектигин белгилеп кетти.

Бишкек баатырдын эстелигине 2019-жылы шаар бийлиги тарабынан сынак жарыяланган. Анда 30 скульптордун арасынан Адил Сейталиев жеңүүчү болгон.

Баатырдын айкелин коюу боюнча иштер өткөн жылдын июнь айында башталып, ачылышы 31-август — Кыргызстандын эгемендик күнүнө паландалган. Бирок пандемиядан улам курулуш иштери өз убагында бүтпөй калган болчу.

Эстеликти орнотууга 8 миллион сомдон ашык акча жумшалган. Бул каражатты "Бишкек баатыр" коомдук бирикмеси марафондо чогулткан.

Белгилер:
Бишкек баатыр, Садыр Жапаров, азем, ачылыш, эстелик, айкел
Тема боюнча
Кызыл-Аскерде өзгөчө эстеликтер пайда болду. "Эскерүү багы" акциясынан видео
Ысык-Көл облусунун прокурору Сыймык Жапыкеев. Архив

Сыймык Жапыкеев Ысык-Көлдү башкаруу ниетиндеби? Өзү эмне дейт

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматын бир аз убакыт башкарган Жапыкеев марттын аягында Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалган.

БИШКЕК, 14-апр.— Sputnik. Ысык-Көл облусунун прокурору Сыймык Жапыкеев аталган аймактын башчысы болгум келет деген маалыматты төгүндөдү.

Эскерте кетсек, мындай кабар жергиликтүү ЖМКлардын бирине жарыяланган. Өз оюн Жапыкеев Facebook баракчасына билдирди.

"Биринчиден, мени эл, облус жетекчилиги, прокуратура жамааты жакшы тосуп алды. Буюрса, аймактын маселелери менен таанышып жатабыз. Облустун губернатору болом деп чуркаган же ойлонгон эмесмин. Өзүмдүн эле жумушум жакшы. Мыйзамдуулук, адилеттүүлүк үчүн иштесек, элдин керегине жарасак да жаман иш эмес. Калптын да чеги болот. Ушинтип эле мени жамандап бүтпөй коюшту. Буюрса, көлдү тегеренип, эл менен жолугабыз. Алардын көйгөйлөрүн облус жетекчилиги менен кошо угабыз", — деп жазган ал.

Эске салсак, 5-мартта Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматын жоюу боюнча премьер-министр Улукбек Мариповдун токтому чыккан. Мындан улам мекеменин жетекчиси Жапыкеев кызматы жок калган.

Кийин ал Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалган. Жапыкеев буга чейин аталган тармакта эмгектенген, Ысык-Көл облусунда туулуп-өскөн.

Белгилер:
социалдык тармак, прокурор, Ысык-Көл облусу, Сыймык Жапыкеев
Тема боюнча
Жапыкеев президент Жапаровдун жарлыгы менен генерал болгон
Ашканадагы билдирүүдөн Финполго чейин. Сыймык Жапыкеев тууралуу 9 факты