Кыргызстандык аял ВИЧ илдетине кабылганын коомчулукка ачыктады

© Фото / пресс-служба Минздрава КРЖети жылдан бери ВИЧ инфекциясы менен жабыркап келген Бактыгүл Шүкүрова
Жети жылдан бери ВИЧ инфекциясы менен жабыркап келген Бактыгүл Шүкүрова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дартка кабылган аял эмнеден коркуп, келечектен эмне күтөрүн айтып берди

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Бишкекте өткөн ВИЧ боюнча улуттук конференция учурунда кыргызстандык Бактыгүл Шүкүрова жети жылдан бери ВИЧ инфекциясы менен жабыркап келерин ачык айтып берди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен маалымдашты.

Конференция борбор калаадагы отелдердин биринде 18-19-сентябрь аралыгында өтүп жатат. Шүкүрова "биз көбөйгөндөн көбөйүп баратабыз" деп билдирген.

"Медициналык мекемелерден илдетти жуктуруп алган аялдар, эркектер, балдар көп. Биз ушундай тагдырга баш ийип жашаганды үйрөндүк. Бирок арабызда илдетке чалдыкканын билбей жүргөндөр да көп. Алардын саны болжол боюнча сегиз миңден ашат", — деди ал.

Ал алты жылдан бери такай терапиядан өтүп турарын белгиледи.

Глава общественного фонда Альтернатива в наркологии Ирина Пугачева - Sputnik Кыргызстан
Тирүүлөй чирип, жытыман жаныма киши тура алчу эмес... Баңги тууралуу маек
"СПИД дартынан улам бүгүнкү күнгө жетпей калган адамдар болду. Аларды ойлогондо коркуу сезими пайда болот. Оор кырдаал учурунда жардам көрсөткөн адамдарга, эл аралык уюмдарга жана мамлекетке ыраазычылык билдирем. Керектүү дары-дармектин арты менен толук кандуу өмүр сүрүүдөмүн. Бирок көпчүлүк учурда терс мамилеге тушугабыз. Жакында эле бир бейтапка операция жасалып жатканда ВИЧ менен жабыркай турганы белгилүү болгон. Мындан улам экинчи жолу операция жасоодон дарыгерлер баш тартып коюптур. Ушундай көрүнүштөр көп эле", — деди Шүкүрова.

Анын айтымында, оорулуу адамдарды дискриминациялоо өтө чоң көйгөй болуп эсептелет. Себеби бейтаптар дал ушул себептен дарыгерлерге кайрылбастан, оорусун жашырып жүрө беришет дагы өлүмгө эртелеп дуушар болушат.

"Айрым мамлекеттерде дары-дармек менен камсыздоо үзгүлтүккө учурап калган учурлар болуп келет. Мисалы 2014-жылы дары каражаттарынын жетишсиздигинен улам кургак учук менен жабыркаган 500гө жакын адам дарылануу үчүн кезекке турган. ЮНЭЙДСдин маалыматына караганда, 2020-жылга чейин каржылоо булагы жеткиликтүү болбосо бир нече миң адам өлүшү мүмкүн. Мен алардын катарында болгум келбейт", — деди ал.

Шүкүрова жана анын достору өз жашоосу үчүн күрөшүүгө даяр.

Жаңылыктар түрмөгү
0