Америкалык актер Стивен Сигал Эргеш Алиев атындагы ИИМдин академиясына келди

Стивен Сигал болочок милиционерлерге күч органдарында кантип иштегенин айтып берди

303
(жаңыланган 19:31 18.09.2017)
Сигал Луизиана штатында шерифтин жардамчысы болуп эмгектенген

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Америкалык актер Стивен Сигал Эргеш Алиев атындагы ИИМдин академиясына келгенин окуу жайдын маалымат кызматы билдирди.

  • Актер Стивен Сигал в Бишкеке
    Америкалык актер Стивен Сигал Эргеш Алиев атындагы ИИМдин академиясына келди
    © Фото / пресс-служба МВД КР
  • Актер Стивен Сигал в Бишкеке
    Сигал кыргыз милициясынын биринчи генералы Эргеш Алиевдин айкелине гүл койгон соң ИИМ академиясынын окуу корпусу жана музейи менен таанышты.
    © Фото / пресс-служба МВД КР
1 / 2
© Фото / пресс-служба МВД КР
Америкалык актер Стивен Сигал Эргеш Алиев атындагы ИИМдин академиясына келди

Сигал кыргыз милициясынын биринчи генералы Эргеш Алиевдин айкелине гүл койгон соң ИИМ академиясынын окуу корпусу жана музейи менен таанышты. Ал жактан генералдын мундири жана кылычы өзгөчө көңүлүн бурду. Ошондой эле криминалдык полигондон алынган курал-жарактарга кызыккан.

Академиянын жеке курамы менен жолуккан Сигал өзүнүн өмүр жолу тууралуу да айтып, бир учурларда Луизиана штатынын полициясында шерифтин жардамчысы болуп иштегенин айтты. Азыр ал запастагы полиция экенин кошумчалап, көп жылдар бою полиция кызматкерлерин жоокер өнөрү менен машыктырганан билдирди.

Дүйшөмбү күнү Сигал Айкидо федерациясында мастер-класс өткөрөт.

Актер буга чейин премьер-министр Сапар Исаков менен жолугуп, Дүйнөлүк көчмөндөрдүн үчүнчү оюнуна карата жаңы идеяларды талкуулашкан.

303
Белгилер:
академия, ИИМ, Стивен Сигал, Кыргызстан
Тема боюнча
Актер Стивен Сигал Сапар Исаковдун өкмөт башчы болгонуна аябай кубанганын айтты
Президент Сооронбай Жээнбеков белоруссиялык кесиптеши Александр Лукашенко менен. Архивдик сүрөт

Жээнбеков Лукашенкону кайрадан президент болуп шайланышы менен куттуктады

6
(жаңыланган 17:26 10.08.2020)
Жээнбеков Александр Лукашенкого бекем ден соолук, ишине ийгилик, ал эми белорус элине тынчтык жана өнүгүү каалады.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков белоруссиялык кесиптеши Александр Лукашенкону кайрадан өлкө башчы болуп келиши менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

"Сиздин мол тажрыйбаңыз жана кесипкөйлүгүңүз мындан ары дагы элдин турмушун жакшыртып, мамлекеттин экономикалык жана саясий өсүп-өнүгүшүнө алып келет деп ишенем. Достукка жана ишенимге негизделген кыргыз-белорус мамилелери мындан ары дагы бекемделерине көзүм жетет", — деди Жээнбеков.

38 жашта. Лукашенкодон тизгин талашкан Тихановскаянын таржымалы

Жээнбеков Лукашенкого бекем ден соолук, ишине ийгилик, ал эми белорус элине тынчтык жана өнүгүү каалады.

Эске салсак, кечээ Белоруссияда мамлекет башчыны тандашты. Анда Александр Лукашенко 80,23 пайыз менен атаандаштарын жеңип алды

6
Белгилер:
куттуктоо, жеңиш, шайлоо, Александр Лукашенко, Сооронбай Жээнбеков
Тема боюнча
Лукашенко: митингге чыккандарды чет мамлекеттен туруп көзөмөлдөшкөн
Лукашенко Данияр Үсөновго окшош киши менен жолукту. Сүрөт
Даниил Урицкий деп атаган качкын өкмөт башчы Данияр Үсөнов. Архивдик сүрөт

Лукашенко Данияр Үсөновго окшош киши менен жолукту. Сүрөт

87
(жаңыланган 17:14 10.08.2020)
Кадрдан Урицкийге окшогон киши Лукашенкого жана анын айланасындагыларга таякча менен бир макетти түшүндүрүп жатканын көрүүгө болот.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Өзүн Даниил Урицкий деп атаган качкын өкмөт башчы Данияр Үсөновго окшош кишинин Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко менен түшкөн сүрөтү чыкты.

Сүрөт президенттин сайты менен РИА Новостиге жарыяланган. Анда Урицкийге окшогон киши Лукашенкого жана анын айланасындагы кишилерге таякча менен бир макетти көрсөтүп түшүндүрүп жатканын көрүүгө болот. 

Мужчина, похожий на беглого премьер-министра КР Данияра Усенова, который сегодня именует себя Даниилом Урицким с президентом Беларуси Александром Лукашенко на встрече в Минской области
Өзүн Даниил Урицкий деп атаган качкын өкмөт башчы Данияр Үсөновго окшош кишинин Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко менен түшкөн сүрөтү чыкты

Маалыматта Лукашенко Минск облусуна иш сапары менен барып, Пухович районундагы жогорку технологиялуу агроөнөр жай өндүрүшүн толук циклде уюштуруу боюнча инвестициялык долбоордун ишке ашырылышы менен таанышары айтылат. Долбоорду "Белоруссиянын улуттук биотехнологиялык корпорациясы" ишке ашырууда.

ЖМК Бакиевдер менен Урицкийдин Белоруссиядагы миллиондогон бизнестери тууралуу

Өз кезегинде Лукашенко долбоорго жогорку баасын берген.

Курманбек Бакиевдин тушундагы соңку премьер-министр болгон Данияр Үсөнов апрель окуясынан кийин кызматынан кол жууган. 3,5 ай премьерликти аркалап, апрель окуясы боюнча иштерден улам сыртынан соттолгон. Ушул тапта Белоруссияда жашайт, ал жакта Даниил Урицкий ысымы менен жүрөт.

87
Белгилер:
долбоорлор, Сүрөт, Александр Лукашенко, Данияр Үсөнов, Белоруссия
Тема боюнча
Белоруссия Данияр Үсөновду эмнеге кайтарып бербей жатканын түшүндүрдү
Лукашенко: митингге чыккандарды чет мамлекеттен туруп көзөмөлдөшкөн