Бишкектеги "Жаштар" сейил багы жакшыртылат

© Sputnik / Табылды КадырбековПарк "Молодежный" в городе Бишкек
Парк Молодежный в городе Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарандардын коопсуздугу үчүн сейил бакта милиция пункту иштеп, видео каттагычтар орнотулат

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Бишкектеги Жибек Жолу проспектиси менен Махатма Ганди көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан "Жаштар" сейил багы реконструкцияланат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, сейил бактын түндүк жана түштүк тараптарына унаа токтотуучу жайларды куруу иштери аткарылууда.

"Келечекте "Жаштар" сейил багын көп функциялуу маданият зонасына айландыруу пландалып жатат. Сейил бактын кире беришине спорт аянтчалары жайгашат. Ошондой эле мини-футбол талаасы, скейтпарк, стритбол, скалодром жана воркаут аянтчасы жайгашат", — деп айтылат маалыматта.

Жарандардын коопсуздугу үчүн сейил бакта милиция пункту иштеп, видео каттагычтар орнотулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0