90-жылдардагы жылмайткан, муңайткан кылмыштар. Улам тонолгон элчи, адашкан "Жигули"

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЧемпионат Омской области по автомногоборью "Слалом"
Чемпионат Омской области по автомногоборью Слалом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн кылымдын 90-жылдардын башында Советтер Союзу тарап, социалдык абал начарлап, кылмыштуулук күч алган. Өзгөчө ал кезде арак жасап сатуу, талап-тоноочулук, уурулук көп катталган. Sputnik Кыргызстан өлкөдө 25-26 жыл мурда дал ушул сентябрь айындагы ооз ачырган жана күлкүлүү окуяларды сунуштайт.

© Sputnik / Мирбек Сакенов"Вечерний Бишкек" гезитинин 1991-жылдын сентябрь айындагы саны
Отрывки из советских газет в КР - Sputnik Кыргызстан
"Вечерний Бишкек" гезитинин 1991-жылдын сентябрь айындагы саны
Кайра-кайра тонолгон элчи. Түркиянын Кыргызстандагы элчиси улам эле уурулардын кайырмагына илине берип эси оогон. Экинчисинде арам акча тапкысы келгендер ал жашаган мейманканага кирип 600 АКШ долларын, эки миллиондой түрк лири менен 8000 рубль акчасын алып кетишкен.

Бизнесмен студент. Шаардык милиция медицина институтунун студентин колго түшүргөн. Жаш жигит үй шартында жасалган аракты жатаканада сатып келген. Укук коргоо органдары аны кармоо учурунда бөлмөсүнөн 36 бөтөлкө арак, бөтөлкөнүн оозун жаба турган 400дөн ашык тыгын, 1315 рубль акча табышкан. 

© Sputnik / Мирбек Сакенов"Вечерний Бишкек" гезитине 1991-жылдын сентябрь айында чыккан маалымат
Отрывки из советских газет в КР - Sputnik Кыргызстан
"Вечерний Бишкек" гезитине 1991-жылдын сентябрь айында чыккан маалымат

Үй тазалаган уурулар. Көп кабаттуу үйлөрдүн бирине келип, жараксыз кагаздарды чогултуп жүрөбүз деген шылуундар кичинекей баланы алдап үйгө кирип, анын колу-бутун байлап жуунуучу бөлмөгө камап салышкан. Үйдө эч ким жок экенин билген эргулдар үй буюмдарын чогултуп, 30 миң рублди алып кетүүгө үлгүргөн. Кийин кармалгандар 25-26 жаштагы эки жигит экени, алардын жанында 5-класстын окуучусу да болгону аныкталган.

Музыка жандуу ширетүүчү. Военторгдо иштеген шаар тургуну жетекчиликтин бөлмөсүнө терезесинен кирип ичиндеги "Сатурн-202" магнитофонун уурдап кеткен. Музыка укканды жактырган жаран тез эле колго түшкөн. 

© Sputnik / Мирбек Сакенов"Дело №" гезитинин 1992-жылдын сентябрдагы саны
Отрывки из советских газет в КР - Sputnik Кыргызстан
"Дело №" гезитинин 1992-жылдын сентябрдагы саны

Бир жылдан кийин табылган автоунаа. Фрунзедеги жогорку окуу жайлардын биринде мугалим болуп иштеген жаран бир жыл мурун автомашинасын уурдатып ийген. Темир тулпарынан үмүтүн үзгөн кожоюн күндөрдүн биринде гезит окуп отуруп, өзүнүн ВАЗ-21011 үлгүсүндөгү унаасы жөнүндө жазылган жарыяга көзү түшүп калат. Анда Алматы шаарындагы унаа токтотуучу жайдын ээлери автомашинанын ээсин издеп жүргөндүгү кабарланган. Көрсө, окутуучунун балдары атасынан сурабай унааны Алматыга айдап кетишет. Аны мейманкананын алдына токтотуп коюшса, ал жактан башкалар айдай качышат. Ошентип ээсиз калган "Жигули" бир жылдан кийин гана табылган. 

© Sputnik / Мирбек Сакенов"Вечерний Бишкек" гезитинин 1991-жылдын сентябрь айындагы саны
Отрывки из советских газет в КР - Sputnik Кыргызстан
"Вечерний Бишкек" гезитинин 1991-жылдын сентябрь айындагы саны

Италиялык киночуларды аңдыган уурулар. Кыргызстанга кино тартууга келген режиссерлорду жергиликтүү колу туткактар айласын кетирген. Жагымсыз окуя 8-сентябрдан 9-сентябрга караган түнү болгон. Бул ирет уруулар чет элдик коноктордун жалпы суммасы 930 доллар болгон кино тартууда колдонгон жабдууларын "Кыргызфильмден" уурдап алышкан. Анысы аз келгенсип, эшиктин алдында токтоп турган мотоциклди да айдап кетишкен. Италиялыктар буга чейин да "Ысык-Көл" мейманканасында жашаган кезде уурулардын кайырмагына илинип, 3600 доллар, 860 миң лир жана 7000 рубль акчасын эс алып жаткан жеринен таппай калышкан.

© Sputnik / Мирбек Сакенов"Вечерний Бишкек" гезитинин 1992-жылдын сентябрь айындагы саны
Отрывки из советских газет в КР - Sputnik Кыргызстан
"Вечерний Бишкек" гезитинин 1992-жылдын сентябрь айындагы саны

Случаи поножовщины в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы соттор эмне менен алек? Августтагы ооз ачырган 9 окуя
Эки жылда үч миллион тапкан аял. Укук коргоо органдары 1991-92-жылдар аралыгында шаардыктардын ишеничине кирип, үй сатып алууга жардам берем деп акча алып жүргөн аялды издөөгө алган. 33 жаштагы шылуун алгач "чоңдор менен байланышым жакшы, ортомчу боло алам" деп бир нече адамдан жүз миңдеген акчаларды алган. Ошентип ал жалпысынан үч миллион рублден ашык зыян келтирген.

Маалыматтар 1991-92-жылдары чыккан гезиттерден алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0