ЖАМК: Садыр Жапаров атасына топурак салууга бара албай калышы мүмкүн

© Sputnik / Расул УсеналиевСуд над политиком Садыром Жапаровым
Суд над политиком Садыром Жапаровым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурдагы депутат Садыр Жапаровдун атасы Нуркожо Мустали уулу 20-сентябрда 84 жашында каза болду

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Мыйзамга ылайык, соттолуп жаткан Садыр Жапаров атасына топурак салууга бара албай калышы ыктымалдыгын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан (ЖАМК) билдиришти.

Мурдагы депутат Садыр Жапаровдун атасы Нуркожо Мустали уулу 20-сентябрда 84 жашында каза болду. Анын сөөгү Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Кең-Суу айылында жерге берилет.

Жогорку соттун маалымат кызматынан билдиришкендей, 20-сентябрда айрым ЖМКларга "Жапаров атасына топурак салып келиши үчүн сот гана уруксат бере алат" деген маалымат тарап кеткен. Бирок бул чындыкка коошпой турганын Жогорку соттон белгилешти.

"15-сентябрдан тарта райондук соттун өкүмү күчүнө кирди. Андыктан бул датадан тарта Жапаров Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына таандык", — деп айтылат билдирүүдө.

Арестованный политик Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышуудан четтетилди
Ал эми ЖАМКтын маалымат кызматы кабарлагандай, Жазык аткаруу кодексинин 69-беренесинин биринчи бөлүгүнө ылайык, соттолгон адамдардын жакындары кайтыш болсо ал коё берилет. Бирок ошол эле берененин 3-бөлүмүндө атайын шарттардын тизмеси бар, ал боюнча соттолгон киши коё берилбейт. Мындай беренелердин катарына Кылмыш жаза кодексинин 227-беренеси "Кишилерди барымтага алуу" киргизилген. Жапаров дал ушул берене боюнча соттолгон.

"Чечимди №1 СИЗОнун жетекчиси кабыл алат", — деп ЖАМКтын маалымат кызматы билдирди.

Биринчи Май райондук соту 2-августта Жапаровду 11 жыл 6 айга кескен. Райондук сот аны үч берене боюнча актап, бирок кишини барымтага алуу беренеси боюнча айыптуу деп тапкан. Соттун өкүмүнө ылайык, Садыр Жапаров күчөтүлгөн режимдеги колонияда кармалууда.

Жакында эле Бишкек шаардык сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0