Жыйын. Архив

Бишкекте биринчи жолу жаш илимпоздор форуму өтөт

65
(жаңыланган 14:01 21.09.2017)
Иш-чарага ар кайсы өлкөдөн келген 100гө жакын студент катышат

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда биринчи жолу жаш окумуштуулардын эл аралык форуму болорун Sputnik Кыргызстан агенттигине Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Иш-чара Россия менен Кыргызстандын билим берүү министрликтеринин каржылоосунда ишке ашат.

"Форумдун ачылыш аземи Политехникалык окуу жайдын имаратында болмокчу. Мында эл аралык илимий конференция менен кошо жаш илимпоздордун көргөзмөсү болот. Ага Россиянын ЖОЖдорунан 23 ректор жана Казакстан менен Тажикстандан келген 98 студент катышат", — деп айтылат билдирүүдө.

Форум 22-сентябрда Ысык-Көлдө уланмакчы.

65
Белгилер:
илимпоз, форум, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкекте жети көчө оңдолуп ачылды. Тизме
Чек арачылар. Архив

Чек арачылардын айлыгы канчага көбөйөрү айтылды

38
(жаңыланган 13:34 07.05.2021)
Кармышаковдун айтканына караганда, чек арачылардын айлыгын көтөрүүнү өкмөт кыргыз-тажик чек арасындагы чатак башталганга чейин эле пландап жаткан.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. УКМКга караган Чек ара кызматындагылардын айлыгы көтөрүлөт. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков Sputnik Кыргызстандын маалымат борборундагы брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, чек арачылардын айлыгын көтөрүүнү өкмөт кыргыз-тажик чек арасындагы чатак башталганга чейин эле пландап жаткан.

"Чек арадагы жаңжал башталганга чейин эле өкмөт чек арачылардын айлыгын көтөрүп, УКМКнын кызматкерлеринин маянасына теңөө боюнча токтом долбоору даярдалган. Себеби аталган кызмат Улуттук коопсуздук боюнча комитетке өтпөдү беле. Документ боюнча бул үчүн 700 миллион сом керек. Учурда маселе дээрлик чечилип, эми токтомго кол коюу гана калды. Кыязы 1-майдан тарта чек арачылардын айлыгы көбөйүп, орточо эсеп менен беш миң сом кошулат", — деди Кармышаков.

Ал чек арачылардын эле эмес, Чек ара кызматында иштеген бардык кызматкерлердин маянасы көбөйөрүн да айтты. Андан сырткары, чек арачы пенсионерлерге да акча кошуларын белгиледи.

38
Белгилер:
айлык, УКМК, Мамлекеттик чек ара кызматы, Кыргызстан
Тема боюнча
Чек арада жабыркагандарга компенсацияны кимдер бөлүштүрөт
Үй салууну убадалагандар, насыяны кечкен банк. Баткенге жасалган жакшылыктар
Бишкектеги кишилер айт-намазда. Архив

Кыргызстанда Орозо айт 13-майда белгиленет

50
(жаңыланган 13:31 07.05.2021)
Орозо айынын узактыгы ай календарына жараша 29 же 30 күн болот. Быйыл бул майрам 13-майга туура келгендиктен кыргызстандыктар эс алышат.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Кыргызстанда бейшемби күнү, 13-майда, Орозо айт белгиленет. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Мындай чечимди Аалымдар кеңеши кабыл алган.

Ислам шариятында Рамазан айынын башталышы жана аякташы жаңы чыккан Айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат. Орозо айы кээде 30, кээде 29 күн болот.

Муфтияттан белгилешкендей, жогоруда көрсөтүлгөн күн Айдын чыгышына карап бир күнгө айырмаланып калышы мүмкүн. 

 

50
Белгилер:
орозо айт, Кыргызстан, Бишкек
Тема:
Орозо-2021
Тема боюнча
2021-жылдагы майрам жана дем алыш күндөр. Календарь
Орозо кармагандар COVID-19га каршы вакцина алса болобу? Министрликтин жообу
Ысык-Көл облусунун Түп районунда болгон жол кырсыгы

Түптө жүрөк үшүн алган жол кырсыктан 18 жаштагы улан көз жумду. Сүрөт

0
(жаңыланган 14:03 07.05.2021)
Автоунаада 18 жаштагы төрт эркек болгон. Кырсыктын кесепетинен бирөө каза болсо, калганы райондук ооруканага жеткирилген.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Түп районунда жол кырсыгы болуп, бир адамдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Последствия ДТП в Тюпском районе Иссык-Кульской области
© Фото / пресс-служба МЧС
Ысык-Көл облусунун Түп районунда жол кырсыгы болуп, бир адамдын өмүрү кыйылды

Билдирмеге караганда, кырсык 7-май күнү саат 00:57лер чамасында Шаты — Ичке-Суу— Талды-Суу унаа жолунун 1-чакырымында (Шаты айылы) болгон.

"Анда BMW-525 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, жол жээгиндеги бакты сүзгөн. Мунун кесепетинен 18 жаштагы бала каза болуп, автоунаанын ичиндеги 18 жаштагы үч улан жабыркаган", — деп айтылат маалыматта.

Жол кырсыгы катталган жерге ӨКМдин куткаруучулары тартылып, каза болгон жарандын сөөгү Тез жардамдын кызматкерлерине өткөрүп берилген. Ал эми жабыркагандар райондук ооруканага жеткирилген.

0
Белгилер:
өлүм, ӨКМ, жол кырсык, Түп, Ысык-Көл облусу
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Ош: үч ай ичинде жол кырсыктарынан 23 адам каза болду