"Кыргызтелеком" аймактардагы интернеттин сапатын жакшыртууда

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүНоутбукта кино көрүп жаткан адамдын архивдик сүрөтү
Ноутбукта кино көрүп жаткан адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Нарын менен Ош, Ала-Букадагы интернеттин сапаты оңолсо, жакында Баткен, Таласта анын ылдамдыгы жакшырат.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. "Кыргызтелеком" ишканасы радио байланыштын жабдууларын алмаштырып, анын арты менен маалымат таратуунун сапаты жакшырды. Бул тууралуу аталган ишканадан кабарлашты.

Жабдуулар 22 жылдан бери иштегендиктен эскирип бүткөн.

"Бир канча мультиплексорлор алынды. Алардын алынышы менен электр энергиясы үнөмдөлүп, иш жакшырат. Ошентип Бишкек — Ош багыты боюнча интернетти берүү 500 мегабиттен 1 гигабитке, Бишкек — Нарын багытында 250дөн 500 мегабитке, Ош — Ала-Бука боюнча 500 мегабиттен 1 гигабитке жогорулады", — деп жазылат маалыматта.

Эгерде жаңы IP20 жабдуу орнотулса Баткен, Сүлүктү, Кулунду жана Таласта да интернеттин сапаты жакшырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0