Кыз-келиндер жеке көйгөйү менен эми казыяттарга да кайрыла алышат

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүКуран китебин окуп жаткан аял. Архив
Куран китебин окуп жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Аялдардын коомдогу жана исламдагы орду" аталышында семинарга 100дөн ашык мамлекеттик кызматкер, мугалим, дарыгерлер катышты.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Аялдар жеке маселеси жана көйгөйү менен казыяттарга түзмө-түз кайрыла алат. Бул тууралуу Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев борбор калаада өткөн "Аялдардын коомдогу жана исламдагы орду" аталышында семинарда билдирди.

Иш-чарага 100дөн ашык мамлекеттик кызматкер, мугалим, дарыгер жана социалдык кызматкерлер менен маек курду.

"Атайын буйрук чыгарганбыз. Ага ылайык, аймактагы казыяттарга аялдар диний, үй-бүлөлүк жана жеке маселеси менен кайрыла алат. Ошондой эле апталык сабактарды, айлык семинарларды өткөрүү милдети жүктөлгөн. Бул аракеттер улуттук баалуулуктарды эске алуу менен динди үйрөтүүгө, экстримизм, террорчулукту алдын алууга багытталган", — деди муфтий.

Иш-чарага "Ыйман" фондусунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешов дагы катышып, мындай семинарлар өлкөнүн бардык аймактарында өтөрү айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0