Премьер-министрдин жаңы кеңешчиси: мени кызматка эч ким түртмөлөгөн жок

© Sputnik / Табылды КадырбековПремьер-министр Сапар Исаковдун кеңешчиси Бермет Турсункулова маек учрунда
Премьер-министр Сапар Исаковдун кеңешчиси Бермет Турсункулова маек учрунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы премьер-министрдин кеңешчилери болуп аял киши, анан жапжаш кадрлардын дайындалышы социалдык тармактарды дүң кылды

Премьердин кеңешчиси Бермет Турсункулованын жетишкендиктери жазылган резюме ийгилиги мол үч кишиникине тете. Анын 16 жылдык иш чыйырында жетекчилик кызматтар, билим берүү министринин орун басары, ошондой эле Борбордук Азиядагы Америкалык университеттин вице-президенттиги да камтылат. Таң калтырат бекен?

— Эгер мырза бир нерсеге жетишсе, ал сөз жок, азамат. Ал эми аялзаты ийгиликти багындырса, сөзсүз ага бир азамат мырза көмөк көрсөттү дешет. Мындай көндүм пикирлерге кабылган жок белеңиз?

— Жолдуу окшойм, андай мамилеге тушуккан жокмун. Тагыраагы, премьер-министрдин кеңешчиси болуп дайындалганга дейре кабылып көргөн эмесмин.

Женские очки. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Сапар Исаков өзүнө эки кеңешчи дайындады. Алардын бири 26 жашта
Комментарийлерди окуганга убактым болгон жок, бирок досторум социалдык тармактарда элдин жазгандарын көрсөтүштү. Баарынан да андай пикирлерди аялдардын жазганы өкүнүчтүү. Өз күчүнө ишенбегендери, алар өздөрү туурасында ошондой ойдо экендиги мени капалантты.

Эми жок дегенде кыздарын башкача тарбиялап жатат деп ынангым келет. Эгер кыздар энелери сымал ой жүгүртсө, анда кийинки муундун абалы азыркыдан да оор болот.

— Кызматтык тепкичке кимдир-бирөө түртмөлөдү беле?

— Атайын сүрөгөн адамдар болгон эмес. Бирок ата-энем жана агаларымдын өзөгүмдүн бекем болушуна таасири чоң. Алардан улам жакшы окуп, баарына өзүм жетишишим керектигин эрте аңдагам. "Беш" деген баа үчүн мени бирөө мактаган да эмес, ал кадыресе нерсе болчу.

Европадан билим алып келген соң, апам аспирантурага тапшыруумду өтүндү. Анын насааты менен саясий илимдердин кандидаты болгом.

Жолдошум да дайым мени колдоп, коштоп турат. Турмушка чыкканыма бир топ болуп калгандан кийин аялына иштөөгө уруксат бербей, басмырлаган эркектер болорун билдим. Көрсө, турмушуман да абдан жолдуу экенмин.

— 18 жашыңызда окуудагы жетишкендиктериңиз үчүн президенттик сыйлыкка татыпсыз. Дайым мыкты боло алдыңызбы?

— Ооба, бирок мектепти бүтөрдө алтын медаль алган эмесмин. Жүрүш-турушум "төрт" экен, мугалимдер кандайча андай баалашканын билбейм. Мектептин директору "Эми сен Америкага окууга кетип жатпайсыңбы" деп соороткону эсимде. Бирок ал сапарга директордун эч тиешеси жок эле, сынактан өзүм өткөм.

Ал эми Кыргызстандын Эл аралык университетин кызыл диплом менен аяктадым. Алган тарбиям ушундай, дайым мыкты окууга аракет кылчумун.

© Sputnik / Табылды КадырбековБермет Турсункулова: үйдө эч олтурган жокмун. Алгачкы кош бойлуулугумда деле төрөр-төрөгөнчө иштеп жүрдүм. Көз жаргандан эки жума өтпөй кандидаттык минимумдарды тапшыргам, 40 күн өткөндө жумушка чыккам
Советник премьер-министра КР Сапара Исакова Бермет Турсункулова - Sputnik Кыргызстан
Бермет Турсункулова: үйдө эч олтурган жокмун. Алгачкы кош бойлуулугумда деле төрөр-төрөгөнчө иштеп жүрдүм. Көз жаргандан эки жума өтпөй кандидаттык минимумдарды тапшыргам, 40 күн өткөндө жумушка чыккам

— Жолдошуңуз үй кожейкеси, ийменип турган келин болбогонуңузга нааразы болгон жокпу?

— Үйдө эч олтурган жокмун. Алгачкы кош бойлуулугумда деле төрөр-төрөгөнчө иштеп жүрдүм. Көз жаргандан эки жума өтпөй кандидаттык минимумдарды тапшыргам, 40 күн өткөндө жумушка чыккам.

Кичүү уулумду төрөгөндө жарым жылча олтурдум. Бирок иштешим керектигин, жумушка чыкпасам, үй кожейкеси болуп каларымды түшүндүм. Андай келечек мага да, жолдошума да жаккан жок. Уулум сегиз айга толгондо аз-аздан сабак бере баштагам.

— 24 жашыңызда жетекчилик кызматты аркалапсыз…

КТРКнын Ала-Тоомаалымат программасында диктор Нуржан Ташполот кызы маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Нуржан Ташполот кызы: маек алчу кишим "сиз жанагы Барбисизби" десе, чочуп кетипмин
— Ага чейин "Жарандык билим берүү" аймактык долбоорунун директорунун орун басары элем. 2001-жыл болчу. 11-сентябрдагы капсалаңдан баарыбыздын кабарыбыз бар эмеспи. Жетекчим АКШ жараны болчу. Афганистанга жакын болгондуктан, Кыргызстан да кооптуу аймак катары бааланып, аны чакыртып алышты. Азыркыга чейин ошол чечим натуура болгон деген ойдон кайта элекмин… Бирок мен бир тепкичке көтөрүлүп, жетекчи болуп калгам.

— Кызматкерлериңиз жаш курагыңызга карап нааразы болушкан жокпу?

— Бир мырза кесиптеш иштин андай өңүт алышына макул эмес эле. "Жаңы гана төрөдү го, кантип баарына жетишет?" деп күңгүрөнүп калчу. Өзүмө да: "Ишти таштабайсыңбы, балаң бар, ага барбайсыңбы?" дечү. Бирок андай көралбастыкка убактым да жок болчу: ишти да аткарып, маалында баламдын да курсагын тойгузушум керек эле.

— Премьердин кеңешчилигине кандайча чакырып калышты?

— Сапар Жумакадырович менен Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда бирге иштешип калган жайыбыз бар. Дайындоодон бир-эки жума мурун гана сүйлөштүк. Ал бул кызматты сунуштап, макулдугумду сурады. Албетте, макул болдум.

— Бул кызматта өз алдыңызга кандай милдетти койдуңуз?

— Премьер-министр социалдык багытта көмөктөшүүмдү өтүндү. Анткени, билим берүү тармагында тажрыйбам бар. Өкмөттүн "40 кадам" жаңы программасынын алкагында иш алпарабыз.

Жумушка акырындап аралаша баштадым, билим берүү министри менен жолуктум. Азыр эң сонун убак, өлкөдө көп нерсени өзгөртүүнү каалоо да, саясий эрк да бар. Буга салым кошкум келет.

— Билим берүү тутумундагы кайсы маселелерди биринчи кезекте чечүүнү пландадыңыз?

— Биздин мамлекетте билим берүү көйгөйлөрүн экиге бөлүп карасак болот. Биринчиси — мектеп жана мектепке чейинки билим берүү. Мында көйгөй көп: мектеп, мугалимдер, окуу китептери жетишсиз. Баары келип акчага такалат.

Ал эми жогорку окуу жайларындагы маселелерди чоң каражат салбай туруп деле чечүүгө болот. Эң башкысы – кандай адистерди даярдап жатканыбызды чечип алуубуз зарыл. Азыр 17 жаштагы балдар үчүн юрист жана экономист деген эки гана адистик бар.

© Sputnik / Табылды КадырбековБермет Турсункулова: премьер-министр социалдык багытта көмөктөшүүмдү өтүндү. Анткени, билим берүү тармагында тажрыйбам бар. Өкмөттүн "40 кадам" жаңы программасынын алкагында иш алпарабыз
Советник премьер-министра КР Сапара Исакова Бермет Турсункулова - Sputnik Кыргызстан
Бермет Турсункулова: премьер-министр социалдык багытта көмөктөшүүмдү өтүндү. Анткени, билим берүү тармагында тажрыйбам бар. Өкмөттүн "40 кадам" жаңы программасынын алкагында иш алпарабыз

Жогорку окуу жайын аяктаган соң өз адистиги боюнча барып иштөөдөн башка аргасы жок. Адам андай кылууга тийиш эмес! Мындай тутум туура эмес.

Twitter компаниясында иштеген Наргиза Абдубалиева маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Twitter компаниясында иштеген Наргиза ийгилик сыры менен бөлүштү
Азыр баары ушунчалык тез өзгөрөт, студент төрт жыл билим алганча алган адистигинин зарылдыгы жок болуп калышы ыктымал. Мектеп жана университет биринчи кезекте мезгилдин талабына тез ыңгайлаша, дүйнөдөн ордун таап кете алган жоопкерчиликтүү, ой жүгүртө билген жарандарды тарбиялап чыгарууга басым жасашы абзел.

Азыр Кыргызстанда университеттер абдан көп. Биздикиндей кичине өлкө үчүн 30 мамлекеттик жогорку окуу жай – ашкере нерсе! Келгиле эсептеп көрөлү: алардын имараттарын кармоого, ректорлордун, техникалык кызматкерлердин айлыгына канча каражат сарптайбыз? Бул акчанын баарын башка нукта жыйынтыктуу ишке жумшай аларыбызга ишенем.

Маселен, Кыргызстанда алты медициналык окуу жай бар, баарында каражат жетишсиз. Айрымдарында студенттер көнүгө турган лабораториялар да жок. Кандай дарыгерлерди даярдап жатабыз? Мындай билим алган доктурга өз өмүрүңүздү табыштайт белеңиз? Ошондуктан, чыныгы мыкты дарыгерлерди даярдоочу бир университетке күч топтогонубуз оң эмеспи.

— Мамлекеттик кызматтарда аялдардын мырза кесиптештерине караганда артыкчылыгы эмнеде?

— Артыкчылыктарын айта албайм, бирок татаалдыктар жетишерлик. Социалдык маселелер боюнча вице-премьер дайым аял кишиден дайындалары тегин жерден эмес. Бир да мырза билим берүү, пенсия, эмгек мигранттары, жалгыз бой энелердин көйгөйлөрү чечилчү татаал багытты жетектөөгө макулдугун бербейт. Мындай жүктү аял киши гана сүйрөп кете алат. Кылган эмгеги үчүн муштумдан башка да эч нерсе албайт.

Кыргызстанда билим берүү, социалдык өнүктүрүү министрлери жөн жерден аялзатынан дайындалбайт. Мырзалар күч тармагы, экономикалык багыттардагы олуттуу кызматтарды ээлешет. Кадыр-барктуу дегендей…

— Мындай жооптуу кызматты аркалай албай калам деп чочулабайсызбы?

— Жашымдан иштей баштаганымдан улам эч кандай эмгектен коркпойм. Балдарым чоңоюп калышты, өспүрүм куракта, жумуштан кеч чыкканым эч кандай көйгөй жаратпайт. Көп нерсе жасоого үлгүргүм келет.

— Сизге ишеним көрсөтпөгөн социалдык тармак колдонуучуларына таарынган жоксузбу?

Мамлекеттик жана коомдук ишмер, президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаковдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Кырктын кырына чыккан Сапар Исаков тууралуу 5 факты
— Жок, эч кандай таарыныч жок. Тескерисинче, өлкөбүздө адамдар ойлорун ачык билдире алганы жакшы. Бирок башка кишинин абийирине доо кетирген сөздөрү үчүн жооп берерин түшүнбөгөндүктөрү башка кеп. Эгер адам жалган аккаунт менен ыплас кепти жайылтса, демек, чыныгы турмушта – коркоктордун бири.

— Сүрөттөрдөн кийимдериңизди кылдат карап чыктым: улуттук ачык түстөгү, ошондой эле кеңсе кийимдери да бар экен. Сырткы кебетеңизге маани бересизби?

— Бул мен үчүн маанилүү. Мында да ата-энем жана жолдошумдун салымы бар. Алар жарашыктуу кийинүүнү жактырышат, бул мага алардан өткөн. Албетте, буга жумуш да таасир этет. Өкмөттүк жыйынга жыртыкчалары бар жинсы менен менен катыша албайм да. Ал эми университетте мындай кийимчен эле сабак бере алам. Эмнеге болбосун?

— Менимче, сиздей адам өз турмушун абдан кылдат пландаштырса керек. Болочокто ысымыңыз тарых китептеринде кандай жазылышын каалаар элеңиз?

— О-у! Эгерде Кыргызстандын тарых китептеринде ысымым жазылып калса эле бактылуу болмокмун. Абдан сыймыктанмакмын!

Жаңылыктар түрмөгү
0