ЖК депутаты Урмат Самаевдин аргымагы Алматыдан "Нива" утуп келди

© Фото / Самат СулаймановСоревнования по скачкам в Алматы
Соревнования по скачкам в Алматы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпысынан 53 аргымак жарышка түшүп, Кыргызстандан барган жалгыз күлүк биринчи болуп келген

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Казакстандын Алматы облусунда казак баатыры Даут Аса уулунун 230 жылдыгына карата өткөн аламан байгеден Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаевдин "Покер" аттуу аргымагы баш байгени утуп алды. Бул маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине депутат өзү тастыктады. 

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаев
Депутат Жогорку Кенеша Урмат Самаев - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаев

Анын айтымында, жарышка түшкөн күлүктөр 25 чакырым аралыкка чуркашкан. Анда Кыргызстандын күлүгү 52 аргымакты артта калтырып озуп чыккан. Баш байге үчүн "Нива" унаасы ыйгарылган.

"Жарышта аз гана айырма менен жеңишти камсыздадык. Биздин аргымак жарым метр айырма менен марга жетип келди. Мындан улам күлүгү артында калган казакстандыктар калыстарга барып баш байгени өзүнө ыйгаруу аракетин көрө баштады. Бирок отурган эл, аксакалдар ортого түшүп "кыргыздар боордош эл болот, калыстыктан тайбагыла, аттын эмгегин жебегиле!" деп колдоп беришти. Ошентип баш байгени ыйгарып бата берип узатышты", — деди Самаев.

Ошондой эле ал ушул эле аргымагы менен 2016-жылы Ноорузда өткөн ат чабышта да биринчи болуп келгенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0