Ап, бали! Бишкекте күндүн энергиясы колдонула баштады

© пресс-служба мэрии города Бишкек"Бишкекжылуулукэнерго" ишканасында жаңы гелиоколлекторлордун — күндүн энергиясын топтой турчу жабдуунун бет ачары болду
Бишкекжылуулукэнерго ишканасында жаңы гелиоколлекторлордун — күндүн энергиясын топтой турчу жабдуунун бет ачары болду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бишкектеплоэнерго" ишканасы күндүн энергиясын топтой турчу жабдууларды орнотту

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. "Бишкекжылуулукэнерго" ишканасында жаңы гелиоколлекторлордун — күндүн энергиясын топтой турчу жабдуунун бет ачары болду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

© пресс-служба мэрии города Бишкек"Бишкекжылуулукэнерго" ишканасында жаңы гелиоколлекторлордун — күндүн энергиясын топтой турчу жабдуунун бет ачары болду
Бишкекжылуулукэнерго ишканасында жаңы гелиоколлекторлордун — күндүн энергиясын топтой турчу жабдуунун бет ачары болду - Sputnik Кыргызстан
1/3
"Бишкекжылуулукэнерго" ишканасында жаңы гелиоколлекторлордун — күндүн энергиясын топтой турчу жабдуунун бет ачары болду
© пресс-служба мэрии города БишкекАчылыш салтанатына вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев, калаа башчысы Албек Ибраимов, "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын башчысы Алимбек Абдылаев баштаган жетекчилер катышты
Ачылыш салтанатына вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев, калаа башчысы Албек Ибраимов, Бишкекжылуулукэнерго коммуналдык ишканасынын башчысы Алимбек Абдылаев баштаган жетекчилер катышты - Sputnik Кыргызстан
2/3
Ачылыш салтанатына вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев, калаа башчысы Албек Ибраимов, "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын башчысы Алимбек Абдылаев баштаган жетекчилер катышты
© пресс-служба мэрии города БишкекШаар башчысы Ибраимов учурда жаңы ыкманы сыноо үчүн 364 коллектор орнотулганын баса белгиледи.
Шаар башчысы Ибраимов учурда жаңы ыкманы сыноо үчүн 364 коллектор орнотулганын баса белгиледи. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Шаар башчысы Ибраимов учурда жаңы ыкманы сыноо үчүн 364 коллектор орнотулганын баса белгиледи.
1/3
"Бишкекжылуулукэнерго" ишканасында жаңы гелиоколлекторлордун — күндүн энергиясын топтой турчу жабдуунун бет ачары болду
2/3
Ачылыш салтанатына вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев, калаа башчысы Албек Ибраимов, "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын башчысы Алимбек Абдылаев баштаган жетекчилер катышты
3/3
Шаар башчысы Ибраимов учурда жаңы ыкманы сыноо үчүн 364 коллектор орнотулганын баса белгиледи.

Ачылыш салтанатына вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев, калаа башчысы Албек Ибраимов, "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын башчысы Алимбек Абдылаев баштаган жетекчилер катышты.

Рабочий визит в Нью-Йорк президента КР Алмазбека Атамбаева - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев General Electric менен өлкөдө ГЭС куруунун келечегин талкуулады
Шаар башчысы Ибраимов учурда жаңы ыкманы сыноо үчүн 364 коллектор орнотулганын баса белгиледи. Коюлган жабдуулардын жалпы кубаттуулугу 0,518 мегаватты, же саатына 0,445 гигакалорийди түзөт. Бул энергия социалдык объектилерге берилет. Күндүн энергиясын колдонуу менен жылына 124 миң кубометр газ же учурдагы тариф менен алганда 2,2 миллион сом үнөмдөлөт.

Гагарин казан мешинен жылуулукту №5 мончо, №141 балдар бакчасы, №55 мектеп, №20, 94, 91 кесиптик лицейлер жана төрт жатакана алат.

Мэр ошондой эле жылытуу мезгили башталганга чейин Орто-Сай казан мешине дагы күндүн электр энергиясын ала турчу жабдуулар орнотуларын кошумчалады.

Өз кезегинде вице-премьер Зилалиев бул ыкманы Кыргызстандын бардык аймактарында жайылтуу керектигин баса белгиледи.

Аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык фонддун башкармалыгынын чечими менен 10,6 миллион сом биргелешип каржылоо шарты менен бөлүнгөн. Жалпы баасы 14,8 миллион сомду түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0