Бир жума ичинде айдоочуларга 3,5 млн. сомдук айып салынды

© пресс-служба мэрии города БишкекРейд под названием "Пассажирский транспорт. Парковка" в Бишкеке
Рейд под названием Пассажирский транспорт. Парковка в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кайгуул милициясы рейд жүргүздү

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Ушул апта башынан бери административдик айып бузган айдоочуларга карата Кайгуул милициясы тарабынан 5445 протокол түзүлүп, 3 миллион 455 миң сомдук айып пул салынган. Бул тууралуу Бишкек ШИИБ билдирди.

Жалпы жонунан 18-22-сентябрь күндөрү рейд учурунда

  • мас абалында унаа айдаган 26 айдоочуга;
  • документтери жок 110;
  • мамлекеттик номер тагылбаган 7 унаанын айдоочусуна;
  • жасалма номер таккан 6 унаанын айдоочусуна;
  • жол белгилери боюнча талапты бузган 1769 айдоочуга;
  • унаа токтотуу эрежесин бузган 628 айдоочуга;
  • терезелери караңгылатылган 29 унаанын айдоочусуна;
  • светофордон өтүү эрежесин бузган 264 айдоочуга айып салынып, 214 унаа айып короого токтотулган.
Жаңылыктар түрмөгү
0