Студент дизайнер Чолпонай: шаардык менен айылдыктардан эки башка буюртма түшөт

© Фото / Алмаз кызы ЧолпонайРаботы дизайнера одежды Алмаз кызы Чолпонай
Работы дизайнера одежды Алмаз кызы Чолпонай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элибиз илгертен иштүү айымдарды бөтөнчө ызаттап келишет. Буга "бардык жигит кыз тандайт, бактылуу жигит уз тандайт" деген учкай сөзү далил.

Мына ошол чебер энелерибиздин учугун улап, эски менен жаңыны айкалыштырып заманбап кийимдердин түрүн тиккен дизайнер Алмаз кызы Чолпонай кол өнөрчүлүк туурасында маек куруп берди.

— Дизайнер болуу бала кезден берки кыялбы же бул багыткан кокусунан келип калдыңызбы?

— Дизайнерлик кесипти аркалоону бала кезимен кыялдангам. Мектепте окуп жүргөндө эле кийим тигип, баш кийим, моюн орогучтарды өзүм токуп кийип барчумун. Ата-энемдин колдоосу менен учурда дизайнер адистиги боюнча билим алуудамын. Апам уз, кыздарга сеп даярдайт. 

© Фото / предоставлено Алмаз кызы ЧолпонайАлмаз кызы Чолпонай: ата-энемдин колдоосу менен учурда дизайнер адистиги боюнча билим алуудамын
Работы дизайнера одежды Алмаз кызы Чолпонай - Sputnik Кыргызстан
Алмаз кызы Чолпонай: ата-энемдин колдоосу менен учурда дизайнер адистиги боюнча билим алуудамын

— Бир коллекция даярдоону башынан баштап ырааты менен айта кетсеңиз, эң биринчи эмнеден баштоо керек?

— Теманы аныктап алгандан кийин, мисалы, беш көйнөк жарата турган болсок, болжолдуу 15-20 эскиз тартып алабыз. Алардын ичинен бычымдары  (фасону) бири-бири менен тыгыз байланышып турган беш көйнөктү тандап алып, кагазга өңүн беребиз. Буга кошумча бут кийим, сумка, баш кийимдерин, бардык аксессуарларын тартып чыгабыз. Анан керектүү кездеменин өңүн тандап алгандан кийин аларды бычып-чактап даяр кылабыз. Коллекциядагы кийимдер өңү же фасону боюнча өз ара байланышып турушу керек.

— Жалпы канча коллекцияңыз бар?

Основатель дома моды DILBAR Дильбар Ашимбаева - Sputnik Кыргызстан
Дилбар Ашимбаева: Раиса Атамбаева сындуу болгондуктан кийим тандоо оор эмес
— Мен колледжде окуп жүргөндөн тарта коллекция чыгара баштагам. Жалпысынан үч коллекциям бар, бардыгы этника-авангард стилинде. Биринчи коллекциям "Этно-шаман" деп аталат. Себеби, аны даярдап жатып салттык эмес кездемелерди — кап, клеенка жана керексиз буюмдарды колдонгом. Ошол эмгегим менен "Салттык эмес жаңы жыл — 2015" сынагына катышып, 120 дизайнердин ичинен баш байгени утуп алгам. Экинчиси, "Эски көз караш менен жаңыга" деген аталыштагы дипломдук ишим эле. Мында кыргыздын эски кийимдерин авангард стилинде өзгөчө заманбап түрдө алып чыккам. Бул коллекциям менен "Мода индустриясы — 2016" конкурсуна катышып ыраазычылык кат алгам. Үчүнчү коллекциям сары түстө болгондуктан "Күн нуру" деп аталат. Мында көбүнчө "Саймалуу таштагы" жана кыргыздын этникалык оюуларын түшүргөм. Бул коллекциям Дүйнөлүк көчмөндөрдүн II  оюндарынын алкагында этникалык мода боюнча өткөн республикалык конкурста "Авангард" номинациясы боюнча 3-орунду алган.

© Фото / Алмаз кызы ЧолпонайЧолпонай: мырзаларга арналган кийимдердин коллекциясын чыгара элекмин, бирок кээде буюртма түшкөндө баш тартпайм
Чолпонай: мырзаларга арналган кийимдердин коллекциясын чыгара элекмин, бирок кээде буюртма түшкөндө баш тартпайм - Sputnik Кыргызстан
1/3
Чолпонай: мырзаларга арналган кийимдердин коллекциясын чыгара элекмин, бирок кээде буюртма түшкөндө баш тартпайм
© Фото / предоставлено Алмаз кызы ЧолпонайКыргыздын эски кийимдеринен идея алып, фасондорун азыркы учурга ылайыктап өзгөртүп, кошумчалап заманбап кийимдердин эскизин иштеп чыгам
Кыргыздын эски кийимдеринен идея алып, фасондорун азыркы учурга ылайыктап өзгөртүп, кошумчалап заманбап кийимдердин эскизин иштеп чыгам - Sputnik Кыргызстан
2/3
Кыргыздын эски кийимдеринен идея алып, фасондорун азыркы учурга ылайыктап өзгөртүп, кошумчалап заманбап кийимдердин эскизин иштеп чыгам
© Фото / Алмаз кызы ЧолпонайМен колледжде окуп жүргөндөн тарта коллекция чыгара баштагам
Мен колледжде окуп жүргөндөн тарта коллекция чыгара баштагам - Sputnik Кыргызстан
3/3
Мен колледжде окуп жүргөндөн тарта коллекция чыгара баштагам
1/3
Чолпонай: мырзаларга арналган кийимдердин коллекциясын чыгара элекмин, бирок кээде буюртма түшкөндө баш тартпайм
2/3
Кыргыздын эски кийимдеринен идея алып, фасондорун азыркы учурга ылайыктап өзгөртүп, кошумчалап заманбап кийимдердин эскизин иштеп чыгам
3/3
Мен колледжде окуп жүргөндөн тарта коллекция чыгара баштагам

— Негизинен эски менен жаңыны айкалыштырып жаңы нук, жаңы түс берүүнү максат кыласызбы?

— Кыргыздын эски кийимдеринен идея алып, фасондорун азыркы учурга ылайыктап өзгөртүп, кошумчалап заманбап кийимдердин эскизин иштеп чыгам. Учурда менин колумдан чыккан кийимдер заманбап стилде, бирок, эскини эске салып турат.  Максатым — кыргыздын эски кийимдерин кайра жаңыртууну.

— Социалдык түйүндөрдө сиздин колуңуздан чыккан эмгектер абдан популярдуу экен. Интернет эмгектериңизди таанытууга көп жардам берсе керек? Дегеле кардарлар тарабынан көбүнесе кандай кийимдерге буюртма аласыз?

— Ооба, жасаган эмгектеримди социалдык тармактарга жүктөп, ошол жактан буюртмаларды алып турам. Бишкектегилер көбүнчө классика жана кече көйнөктөрүн тиктиришет. Ал эми айылга барганымда көбүнчө күнүмдүк турмушка жана бүтүрүү кечесине кие турган көйнөктөргө басым жасаарын байкайм.

— Мырзаларга да арнап коллекция чыгаруу оюңузда барбы?

— Мырзаларга арналган кийимдердин коллекциясын чыгара элекмин, бирок кээде буюртма түшкөндө баш тартпайм. Азыр эркек жолдоштордун кийимдерин тиккендер аз.  Ошондуктан келечекте муну да колго алгым келет.

 

#изколлекции "Солнечный луч"

Публикация от CH O L P O N A Y (@choop.a) Авг 23 2017 в 11:28 PDT

 

— Белгилүү дизайнерлерден жумушка чакыруулар барбы?

Стилист, дизайнер одежды Замира Молдошева - Sputnik Кыргызстан
Дизайнер Замира Молдошева: ырчылардын талантына карап туруп стилине киришем
— Азыр 21 жаштамын, колледжде окуп жүргөндө практиканы Замира Молдошевадан өткөм. Кийин университетке тапшырган соң  Жумагүл Сариевадан үйрөндүм. Бул жерден дагы көптөгөн тажрыйба алып, билбеген нерселеримди үйрөндүм. Мени эки эже тең жумушка чакырган. Башка дагы белгилүү дизайнерлер кызматташууну сунуштап келишет. Учурда кардарлардан жекече буюртма алып иштейм. Окууну буткөндөн кийин өзүмдүн мода үйүмдү же ателье ачып, дизайнер катары элиме эмгектеримди сунуштайын деген ниетим бар. Ошондой эле келечекте кыргыздын кийимдерин чет өлкөлүктөргө таанытууну тилек кылам.

— Дизайнерлик атаандаштык күчтүү жана өнүккөн кесип болсо керек? Дегеле чыгармачылыгыңызды ишке ашырууда тоскоолдук жаралган учурлар болобу?

— Ооба, дизайнерлер арасында атаандаштык күчтүү. Көп дизайнерлердин арасынан суурулуп чыгуу оңой эмес. Бул үчүн талбай эмгектениш керек. Ал эми чыгармачылыгымды ишке ашырууда тоскоолдук жаралган кырдаалдар азырынча боло элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0