Уулунун көзүнчө зордукталган аял: күйөөм урса мейли, акча тапса болду...

© AFP / FRED DUFOURПроблема анорексии в Франции
Проблема анорексии в Франции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бейөкмөт уюмдардын маалыматы боюнча киши өлтүрүп түрмөгө түшкөн аялдардын теңинен көбү маркум тарабынан зордук-зомбулукка кабылган. Ал эми БУУнун статистикасына ылайык, ар бир төртүнчү кыргызстандык аял жана анын баласы үй-бүлөлүк зомбулукту башынан кечиргени айтылат.

…Айсалкын он жылга жакын убактысын темир тор артында өткөрдү. Бул жакка күйөөсүн мууздап салганы үчүн түшкөн. Балдарын социалдык камкордук органдары алып кетсе, ата-энеси кызынан жүз буруп кетишкен. Ошентип очок ээси бир заматта баарынан кол жууп калган.

Случаи семейного насилия в КР - Sputnik Кыргызстан
11 жашар кызымды зордуктоого аракет кылды! Күйөөдөн айтпаган келиндердин тагдыры
Айсалкынды ой-боюна койбой 18 жашында турмушка узатышкан экен. Күйөөгө тиесиңби-коесуңбу деп кыздан эч ким деле сураган эмес. Калыңы бычылып, чакан үлпөт той өткөн. Бир нече айдан кийин күйөөсү жумуштан чыгып калып, аз-аздан ичкиликке бериле баштайт да, жинин аялы менен балдарын ур-тепкиге алып чыгарат.

Милициянын полковниги, ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын ага инспектору Таалайбек Алижанов жыл сайын үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу 7000ге чукул арыз түшөрүн айтып берди. 

© Sputnik / Табылды КадырбековИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын ага инспектору Таалайбек Алижанов
Главный инспектор службы общественной безопасности МВД Таалайбек Алижанов - Sputnik Кыргызстан
ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын ага инспектору Таалайбек Алижанов

"Биздин аялдар күйөөлөрүнөн токмок жегенин айткандан коркушат, мында жолдошунун каары эмес, коомчулуктун пикири айбыктырат. Жолдошунун кол көтөрүшүн алар кадыресе көрүнүш деп эсептейт, таптакыр болбой калганда гана күрөшүү керектигин түшүнөт. Милицияга түшкөн арыздардын дээрлик бардыгы жумушсуздук менен ичкилик үстөмдүк кылган үй-бүлөлөрдүн тарыхы", — деди Алижанов.

Качан эмне болуп кетет деп күн кечирген Айсалкын да корккон, бирок чыдамы түгөнгөн келин кол көтөргөнү камынып келаткан күйөөсүн бычактап салган. Андан кийин милицияны өзү чакырып, жасаганынан жашырбай, төкпөй-чачпай айтып берген. Бул маалда балдар эшикте ойноп жүргөн.

Сот Айсалкынды 10 жылга эркинен ажыратты.

Аялы менен балдарын ур-тепкиге алган киши кандай жазаланат?

Крушение малайзийского Boeing на Украине - Sputnik Кыргызстан
Бүчүрү сынган секелектер. Бөйрөгү ооруду деген кыз кош бойлуу болуп чыкты...
Эми милицияга сөзсүз эле сабалган адам арыз берүүсү кажет эмес, зордукка күбө болгон киши да милицияга чалып, окуя тууралуу маалымат бере алат. Орган кызматкерлери буга токтоосуз реакция кылышы керек. Тартип сакчылары үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү менен маектешип, эгер кооптуулук тастыкталса күзөт ордерин жазып берет. Мыйзам боюнча бул кагаз үч күнгө чейин адамды зордукчунун таягынан сактайт. Эгер зарыл болсо, ур-токмокко кабылган адам үч күндөн кийин милицияга арыз менен кайрыла алат.

Ушул жазда "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо" мыйзамы кабыл алынып, үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоочу айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү чечими кабыл алынган. Эгер бул мыйзамда жазылган шарттар бузулса, зөөкүр административдик жоопкерчиликке, коомдук иштерге тартылып, эки миң сомго чейин айып төлөп берет. Ошондой эле ага психологдун коштоосу менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Учурда ИИМ бул көйгөйдү чечүү концепциясын иштеп чыгууда.

ИИМдин маалыматына караганда, 2017-жылдын алты айында зордук-зомбулук боюнча төрт миң арыз келип түшкөн. Дагы көптөгөн иликтөө иштеринин башталышына зомбулукка капысынан эле күбө болуп калган бөтөн адамдардын арыздануусу себеп болгон. Тагыраагы, мындай учур 140 жолу катталып, баары сотко өткөн.

Урса мейли, чыдайм. Үй-бүлөнү бакса болду

Бул жакта менталитет аялдарды бардык нерсеге баш ийдирип коет, ал эми үй-бүлөдөгү теңсиздик менен күрөшүү куру сөз бойдон кала берет экен деген пикирин Демократиялык процесстерди изилдөө борборунун жетекчиси Лариса Илибезова билдирди. 

© Sputnik / Табылды КадырбековДемократиялык процесстерди изилдөө борборунун жетекчиси Лариса Илибезова
Глава Центра исследований демократических процессов Лариса Илибезова - Sputnik Кыргызстан
Демократиялык процесстерди изилдөө борборунун жетекчиси Лариса Илибезова

Адистин айтымында, бул көйгөй коомдун бир гана аз камсыз болгон катмарында эмес. Өзү бийик, сөзү бийик деп эсептелген үй-бүлөдө да орой мамилеге кабылган аялдардын саны оголе көп. Бирок ар кандай жагдайлардан улам аялдар аны ачыктай алышпайт.

Республиканская психиатрическа больница в селе Чым-Коргон - Sputnik Кыргызстан
Угулган үндөрдөн улам балдарын өлтүрүп койгон. Чым-Коргондогу ооруканадан репортаж
Айгүл менен аялдардын пабликтеринин биринде тааныштым. 35 жашта экен. Эл көзүнө бактысын тапкан аялзаты болуп көрүнөт. Чоң бир үйдүн кожойкеси, эки баланын ээси, күйөөсү бар дегендей. Теңин эс тандырган сүйүү менен тапкан экен. Балээнин баары бир жылдан кийин башталыптыр. Күйөөсү алгач ага чоң сүйлөп, андан соң колун көтөрө баштаган экен. Андан соң кадимкидей ур-токмокко алып, колуна эмне тийсе чаап жиберген учурлар көп кайталанат.

Ал бизге азаптуу турмушу туурасында айтып берип отурду.

"Токмок жегенимди кайындарыма айтайын деген аракетим кайра өзүмдүн башыма урулган балта болду. Алардан "калп айтпа, биздин баланы ошого сен жеткирип жатасың" деген сөздөрдү уктум. Өз ата-энеме айткандан тартындым. Күйөөм балдарым карап турса да урат, анысы аз келгенсип, кенже баламдын көзүнчө зордуктап койду. Мас болчу. Акчадан көз каранды болгонум үчүн эч нерсе дей албайм. Башка эркекке эми керегим барбы. Айла жоктон чыдап, жашап жүрөм", — деди ал.

Аялдардын кризистик борборунун президенти Толкун Төлөкова келиндердин барар жери жок болгондуктан, кызыл камчы күйөөлөрүнө чыдап жашап келе жатышат деп түшүндүрдү. Аларды баш калкалата турган шелтер деп аталган жайлар азыр андай келиндерге толуп кеткен. 

© Sputnik / Табылды КадырбековАялдардын кризистик борборунун президенти Толкун Төлөкова
Президент Ассоциации кризисных центров Толкун Тюлекова - Sputnik Кыргызстан
Аялдардын кризистик борборунун президенти Толкун Төлөкова

"Аялдар мындай зомбулуктан өз учурунда коргоно албагандыктан, балдары да азап тартууда. Кичинекей экенине карабай кыздар "аа, урса болот берет" деп түшүнөт. Ал эми эркек балдар да ошого барат, себеби энеси качандыр бир кезде атасы кол көтөргөндө аны токтоткон эмес. Мамлекет зомбулукка каршы күрөшүү боюнча программага акча жумшап, келечекте көп каражатты үнөмдөп кала алат. Маселен, бир соттук териштирүүлөргө орто эсеп менен миллион кетет. Шелтерлерди камсыздоо да ошол суммага жакындап барат", — деген пикирин билдирди Төлөкова.

Жаш жубайлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жубайларга байланыштуу 11 "болбойт"
Лариса Илибезова психологдордон болчу жардамдын маани-маңызын түшүнбөгөндүктөн мамлекет буга кайдыгер карап жатат деген ойдо.

Республикада үй-бүлө психологдору абдан аз болгону менен алар аталган маселени чечүүдө үй-бүлөлөргө кеңеш берүүдө өтө компетенттүү экендигин айтат. Зомбулуктан арылууга умтулуу кишинин өзүндө болушу зарыл. Ага айланасындагылар таасири бериши да мүмкүн. Жазында кабыл алынган мыйзам буга башкалардын кийлигишүүсүнө, мындай зомбулукту токтотууга мүмкүнчүлүк берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0