“Кийиз дүйнө” кыргыздын салттуу билим боюнча окууга чакырат

© Sputnik / Табылды КадырбековПриготовление ала кийиза (валяния)
Приготовление ала кийиза (валяния) - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара эки айга созулат

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. “Кийиз дүйнө” коомдук фондусу кыргыздын салттуу билимдери боюнча окутууларын баштай турганын аталган фонддун өкүдөрү билдиришти.

Маалыматка ылайык, окутуу 2-октябрда башталып, эки айга созулат. 

“Иш-чарада кыргыздын салттуу кийимдерин бычуу жана тигүү, элечек ороо жана ал тууралуу маалымат алуу, керме сайма саюу ыкмалары, өрүмдүн түрлөрү, эски кооздуктарды калыбына келтирүү каралган”. — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, окуунун жүрүшүндө салттуу билимди алып жүрүүчүлөр менен жолугушуулар, тажрыйба алмашуулар болмокчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0