Мэрия: Бишкектин борборундагы имараттардын маңдайкы бети жаңыланат

© Sputnik / Акылбек БатырбековВид на улицы Бишкека с высоты — Байтик Баатыра, Юсупа Абдрахманова и Абдынасыра Елебесова
Вид на улицы Бишкека с высоты — Байтик Баатыра, Юсупа Абдрахманова и Абдынасыра Елебесова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган долбоор муниципиалдык ишкана тарабынан сунушталган

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Бишкектин Абдрахманов көчөсү менен Манас проспектисинин четиндеги имараттардын маңдайкы бетин жаңылоо пландалууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан маалымдашты.

Бишкек мэриясы калаадагы төрт парктын 3D видео долбоорун сунуштады - Sputnik Кыргызстан
Бишкек мэриясы калаадагы төрт парктын 3D видео долбоорун сунуштады
Билдирүүгө ылайык, аталган эки көчөнүн көркөм-архитектуралык жагын жакшыртуу маселеси "Бишкекбашкыархитектура" муниципиалдык ишканасында талкууланган.

Муниципиалдык ишкана жетекчисинин орун басары Болот Усубалиев имараттардын сырткы көрүнүшүн жасалгалоочу таштын кени Россия, Германия, Италия, Түркия жана Кыргызстандын түштүгүндө бар экенин белгилеген.

"Бул боюнча таш иштетүү ассоциациясынын өкүлдөрү пайдалуу келишимдерди сунуштады. Алар таш материалдар менен каптоо бир чети үнөмдүү, экинчи жагынан узак мөөнөткө чыдамдуу болот. Ар эки-үч жылда алмаштырууга негиз жок", — деп айтылат маалыматта.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн "Бишкекбашкыархитектура" техникалык-экономикалык негиздемени эске алуу менен аталган маселени иштеп чыгышы керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0