Центр по изучению сердечно-сосудистых системы в Джалал-Абаде

Министр Батыралиев: инфаркт илдетинин алдын алууга жол ачылды

210
(жаңыланган 10:21 27.09.2017)
Жалал-Абад шаарында жайгашкан түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий изилдөө борборуна ангиография жабдыгы Германия мамлекети тарабынан тапшырылган.

ЖАЛАЛ-АБАД, 25-сен. — Sputnik. Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий изилдөө борборуна тапшырылган ангиография аппараты жакынкы күндөрдө ишке берилет. Ал инфаркт ооруларынын алдын алууга чоң жардам бере турганын саламаттыкт сактоо министри Талантбек Батыралиев облустук ооруканалардын абалы менен таанышуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, учурда мурункудай тик учак жок. Ошондуктан бул аппараттын пайдаланууга берилиши Жалал-Абад облусу гана эмес, коңшулаш Өзбекстанга да пайдасын тийгизет.

"Анткени жүрөк ооруларынын алдын алуу үчүн чоң мүмкүнчүлүк түзүлдү. Аталган аппараттын жардамы менен монитор аркылуу кан тамырлардын тосулуп калган жерлерин көрүүгө болот. Бейтапка наркоз берилбестен операция жасалат", — деди Батыралиев.

Кыргызстанга ангиография жабдыгынан төртөө гана келген. Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий изилдөө борборунда бир жылда 200дөй адамга операция жасалат. Министр жаңы жабдык иштей баштаса бир катар оорулууларга жакшы шарт түзүлөрүн кошумчалады.

210
Белгилер:
пластикалык хирургия, операция, инфаркт
Тема боюнча
Жалал-Абадда сейрек кездешүүчү операция жасалды
Global Education Foundation коммерциялык эмес уюмунун негиздөөчүлөрүнүн бири Хабиб Арзыкулов

Арзыкулов: чет өлкөдөн жаштардын билим алуусун каржылоочу уюм ачылды

26
(жаңыланган 15:05 29.11.2020)
Global Education Foundation коммерциялык эмес уюмунун негиздөөчүлөрүнүн бири Хабиб Арзыкулов чет өлкөдө билим алуу үчүн демөөрчү таап берген уюмдун ачылгандыгын айтты.
Арзыкулов: чет өлкөдөн жаштардын билим алуусун каржылоочу уюм ачылды

2021-жылдын күзүндө окуучулар демөөрчүлөрдүн колдоосу менен АКШнын жана Европанын окуу жайларына жиберилет. Бул тууралуу Хабиб Арзыкулов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, чет өлкөдө билим алган тажрыйбалуу адистер уюмдун ишин жүргүзөт. Учурда финансы маселеси иштелип жатат.

"Global Education Foundation (GEF) жалпы билим берүүгө салым кошолу деген жакшы максат менен ачылды. Биз өзүбүз ишкерлик менен алек болобуз. Фонддун түптөөчүлөрү эки киши. Алардын бири — Алмаз Арапов. Ал 3-4 жылдан бери балдарды чет өлкөгө коммерциялык негизде окууга жөнөтүп келген. Анын тажрыйбасын жана менин да ишкерлер менен иштешүү тажрыйбамды эске алып, уюмду ачтык. Чет өлкөдө окуу ар биринин кыялы болуш керек. Ошол себептен сыртта окуп гана калбастан билим, тажрыйба алып, Кыргызстанга келип, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошот деген үмүттөбүз. Балдарды тандап алууда атайын критерийлерди койгонбуз. Тандоо ачык-айкын болушу үчүн билим берүүдө тажрыйбасы бар, таанымал адамдардан комиссия түзөлү деп жатабыз. Алар атайын конкурстук негизде тандашат. Негизги талап англис тилин жакшы билиши керек. Бюджеттик орундарга жараша мыктылары тандалып, чет өлкөгө жөнөтүлөт", — деди Арзыкулов.

Ошондой эле ишкер мугалимдердин кесипкөйлүүлүгүн жогорулатуу максатында тажрыйба алмашуу үчүн чет өлкөгө жиберүү, жакшы окуган окуучуларга стипендия төлөп берүү иштери да пландалып жаткандыгын кошумчалады.

26
Белгилер:
жаштар, чет өлкө, билим берүү
Тема боюнча
Сауд Аравияда докторантурада окуган Дөөлөс: стипендиям 25 миң доллардан ашат
Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун төрагасынын орун басары Бектурган Орозбаев

Орозбаев: аткарылышы изилденбегендиктен карама-каршы мыйзамдар жазылат

7
Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун төрагасынын орун басары Бектурган Орозбаев Жогорку Кеңеш менен жергиликтүү бийликтин маалымат алмашуусу чабал экенин айтты.
Орозбаев: аткарылышы изилденбегендиктен карама-каршы мыйзамдар жазылат

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагында бири-бирине карама-каршы келген мыйзамдар абдан көп. Бул тууралуу Бектурган Орозбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, айрым мыйзамдар жергиликтүү бийликтин ишин илгерилетпей эле, тескерисинче, тоскоолдуктарды жаратат. Бирок ал кабыл алынган мыйзам кандай иштеп жатат, таасири оңбу же терспи деп иликтенип, жыйынтык чыгарылбайт.

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзу аталган тармактагы бийлик органдарына тиешелүү мыйзамдардын кандай иштеп жаткандыгын иликтеген доклад даярдап, аны Жогорку Кеңешке жөнөттүк. Эми экинчи докладда дагы да жөнөкөйлөштүрүп, мыйзамдарды топторго бөлүп жазып чыгып президентке сунуштайбыз. Бул иликтөөнүн үстүндө иштеп жатканда көптөгөн ары кызыктуу, ары кейиштүү окуяларга күбө болдук. Мисалы, алыс барбай борбор калааны эле ала турган болсок, вице-мэрлерди мэр дайындайбы же ким тарабынан бекитилери мыйзамдарда так жазылбай калган. Ошондой эле аймактарда акысыз юридикалык консультация бере турган бирден юрист болуусу тууралуу мыйзам кабыл алынган, бирок аны аткаруу механизми көрсөтүлгөн эмес. Атайын штаттык бирдик бөлүнбөйт. Айыл өкмөтү же мэр юристти кызматка алуусу үчүн башка бир штаттык бирдикти бошотушу керек. Аймактарда бул чоң көйгөй. Анткени 5-10 миң сомдук айлык акыга эч ким барбайт. Ушул сыяктуу чийки жазылган жана бири-бирине карама-каршы келген мыйзамдар абдан көп. Мунун баары Жогорку Кеңештин өз функциясын так аткарбай жаткандыгында, анткени бул орган жазылган мыйзамдардын аткарылышын да көзөмөлдөшү керек", — деди Орозбаев.

Ал республикалык бюджет менен жергиликтүү бюджетти теңдештирмейин өлкөдөгү экономикалык, саясий маселелер чечилбейт деген пикирин кошумчалады.

7
Белгилер:
көзөмөл, мыйзам, башкаруу
Тема боюнча
Орозбаев: Жогорку Кеңеш экинчи функциясын жакшы аткара албай келет