Кимиси күлүк? Соттолгондор менен аларды тескегендер жарышка түшөт

© Sputnik / Табылды КадырбековУчения отряда специального назначения "Омега" и сводного отряда ГСИН
Учения отряда специального назначения Омега и сводного отряда ГСИН - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эркектер тогуз , аялдар үч чакырымга чуркашат

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы чуркоо боюнча мелдеш өткөрөт, ага соттолгондор менен мекеменин кызматкерлери катышат. Бул тууралуу ЖАМКтын маалымат кызматы билдирди.

Велосипедчи марафон учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сууга салса чөкпөгөн, отко салса күйбөгөн "темир кишилердин" саны жетиге жетти
Ыйман, адеп жана маданият жылына карата уюштурулган иш-чара 30-сентябрда саат 10:00дө башталат.

Катышуучулар Арашан айылынан баштап Заречное айылына чейин чуркашат.

Мелдешке ЖАМКтын кызматкерлери жана соттолуучулар катышат. Эркектер тогуз чакырымга, аялдар үч чакырымга чуркап күч сынашат.

Жеңүүчүлөр баалуу белектер жана дипломдор менен сыйланары айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0