Бишкектин 20дан ашык көчөсү жарыксыз калат. Тизме

© AFP / ISHARA S.KODIKARAОтключение электроэнергии в Шри-Ланке
Отключение электроэнергии в Шри-Ланке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Энергетиктер трансформаторлорду оңдоп, электр өткөргүч линияларын орнотушат.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Бишкектин бир катар аймактары 28-сентябрь күнү жарыксыз калат. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынан кабарлашты.

Жарыксыз кала турган аймактар:

  • 09.00дөн 12.00гө чейин — Огонбаев, Сүйүнбаев, Осмонкулов, Чүй көчөлөрү, Ереван тар көчөсү, Ак-Өргө конушунун Алыкулов, Бекет, Ай-Мончок жана Молдо Нияз көчөлөрү;
  • 09.00-17.00 — Киев (№161 жана 159 үйлөр), Махатма Ганди, Саадаев, Түлөбердиев көчөлөрү, Витебский жана Белозерский тар көчөсү;
  • 09.00-18.00 — Худайбергенов, Токтоналиев көчөлөрү, Красный строитель конушу (Рабочая, Бельская, Чоң-Курган, Серово жана Орозбеков көчөлөрү);
  • 12.00-14.00 — Чуйков, Гоголь, Бөкөнбаев, Ибраимов, Линейная көчөлөрү;
  • 13.00-18.00 — Ак-Ордо конушу (Түндүк, Барсбек, Ак-Кула жана Гагарин көчөлөрү);
  • 14.00-16.00 — Осмонкул, Сүйүнбаев, Киров, Т.Айтматов, Фрунзе жана Абдумомунов көчөлөрү;
  • 16.00-18.00 — Чыгыш-5 кичи району (№3/2, 10/2, 11/2, 13/2, 13, 16/2, 17/2, 24/2 үйлөр).

Энергетиктер трансформаторлорду оңдоп, электр өткөргүч линияларын орнотуу иштерин аткаргандыктан, жарык берүү үзгүлтүккө учурайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0