Президент Алмазбек Атамбаев Азыркы светтик мамлекеттеги ислам деп аталган эл аралык конференцияда

Атамбаев: "радикалдашкан ислам" деген жаңылыш термин

173
(жаңыланган 10:17 29.09.2017)
Президент радикализация элиталар алмашпай, эл башында авторитардык жана коррупциялык бийлик туруп калганда пайда болорун айтты

БИШКЕК, 28-сен – Sputnik. Куранда айтылгандай, мусулмандар биринчи иретте өздөрү исламдын чыныгы жүзүн көрсөтүшү керек. Бул туурасында президент Алмазбек Атамбаев "Азыркы светтик мамлекеттеги ислам" деп аталган эл аралык конференцияда сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, бир канча өлкөлөр, анын ичинен Кыргызстан да экстремизм жана террордук актылар деген эмне экендигин өз башынан өткөрүп, анын кесепетин көрдү.

"Тилекке каршы, бул көрүнүштүн келип чыгышынын так себеби жок. Азыр "радикалдашкан ислам" деген жаңылыш терминди колдонуу кадимки эле көрүнүш болуп калды. Эгерде аны тарыхый өңүттөн алып карасак, радикалдашкандар ар дайым болуп келген. Максатына жетүү үчүн андайлар ар кандай идеологияларды жамынып иш алып барган. Кресттик жүрүштөр, инквизиция, улутчулдук, аназисттердин кыймылы дегендер чыккан", — деди президент.

Ал радикализация элиталар алмашпай, эл башында авторитардык жана коррупциялык бийлик туруп калганда пайда болорун айтты.

"Анткен менен ЖМКлардагы исламофобия, демондошуу ислам дининин чыныгы жүзүн дүйнөгө башкача кылып көрсөтүүдө. Бүгүнкү күндөгү өз ара чыр-чатактын, кандуу кагылышуулардын, саясий оюндардын, социалдык теңсиздиктин, экстремизмдин себепкери ислам эмес. Алар көп учурда исламдын атын жамынып алып өз максатын көздөп жаткандар", — деди Атамбаев.

Атамбаев куранда айтылгандай, мусулмандар биринчи иретте өздөрү исламдын чыныгы жүзүн көрсөтүшү керектигине токтолду. Мында башкы максат — чагымчылдардын мизин кайтарып, аны менен кошо күчтөп, тыюу салган ыкмалардан оолак болуп, чара көрүүнүн майнаптуу жолдорун издөө зарылдыгын айтты.

173
Белгилер:
диний радикалдашуу, конференция, ислам, Алмазбек Атамбаев
Тема боюнча
Атамбаев чет элдиктерден эмне үчүн уяларын айтты
Пикирлер