Ишкер Азамат "Советник": алданган учурда "караларга" кайрылдым

Жазылуу
Социалдык тармактарда, өзгөчө Facebook баракчасына кызыктуу постторду жазып, жарнамаларды киргизген бир мекендешибиз бар. Аны көбү "Азамат Советник" каймана аты менен таанышат.

Москвада жашап, үй-бүлө күтүп, ишкерлик менен ийгиликтүү алектенген Азамат Адылгазиев менен Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин журналисти Гүлдана Талантбекова маектешти.

— Ишкерлигиңиз кантип башталган. Иш баштоодо бардык ишкерлер сыяктуу эле кыйынчылыктарга туш болдуңуз беле?

Бизнесмен Эркин Джаманбаев - Sputnik Кыргызстан
Долбоорум ишке ашпай, 700 миң доллар чыгым болгом. Кыргызстандык ишкердин баяны
— 2006-жылы окуу жайды бүткөндөн кийин өлкөдө көп ойлор ишке ашпашына ынандык. Анан Москвага барып аспирантурага тапшырып коюп иштей бердик. Албетте, кыйынчылык тарттык. Көп жерде иштедик. Курулушчу, бригадир, күзөтчү, официнат, мерчендайзер, муз жаргыч да болуп эмгектендик. Ал ортодо курулушта иштеп жүрүп 1,5 миллион сомго алдандык. Ошондон кутулам деп Кыргызстанга үч жарым жыл келбей, бир нече жумуштарда иштегенге туура келди.

— Эмне болуп алданып калдыңыз?

— Ири компаниянын имаратын бүтүрүп берүүгө макулдашканбыз. Аягында алар курулуш ишинин эмгек акысын которгонбуз деп жасалма кагаздарды көрсөтүп коюшту. Ошол акчаларды кайтарабыз деп болгон жерди сүзгүлөдүк. "Караларга да, актарга да" кайрылып көрдүк. Анан шылуундардын аягын таппай калганда бир нече жерде иштеп, карыздан кутулууга туура келди.

Белди бекем бууп 2010-жылы үч досум менен ишкерлигибизди баштадык. Алгач офис алып авиа билет саттык. Азыр деле бул тармак иштеп жатат. Андан кийин визиттик карта, жарнама берүү жаатында иш алып бардык. Бир жылдан кийин улуттук кийимдерди чыгарууга өттүк. Ушул жылдын башы менен кыргыз калоритинде жасалган "Юрта" деген чайхананы иштетип баштадык. Өзүңүздөр билгендей социалдык тармакта жарнамаларды жүргүзүү менен дагы алектенебиз. 

© Sputnik / Табылды КадырбековИшкер Азамат Адылгазиев: ачыгын айтканда бош болгонду жакшы көрөм. Жалгыз өзүң иштей берсең, өмүр боюу эле иштей бересиң. Ишкерлик өзү нервди көп талап кылган иш
Бизнесмен Азамат Адылгазиев - Sputnik Кыргызстан
Ишкер Азамат Адылгазиев: ачыгын айтканда бош болгонду жакшы көрөм. Жалгыз өзүң иштей берсең, өмүр боюу эле иштей бересиң. Ишкерлик өзү нервди көп талап кылган иш

— Азыр караларга кайрылбайсызбы анан?

— Жок, кызматташпайбыз. Кудай сактасын, мыйзамдуу жүргүзгөн бизнесте мындайлар болбошу керек. Бирок беш кол тең эмес. Каралардын жардамын алган ишкерлер азыр деле бар.

— Ишкерликти эки досуңуз менен жүзөгө ашырат экенсиз. Жалгыз иш алып баруу оорбу?

— Ачыгын айтканда бош болгонду жакшы көрөм. Жалгыз өзүң иштей берсең, өмүр боюу эле иштей бересиң. Ишкерлик өзү нервди көп талап кылган иш. Өзгөчө ресторандык иште уктабай, салфетканын санынан, эттин килограммына чейин көзөмөлдөгөнгө туура келет. Эки-үч киши менен өнөктөш болуп алсаң жеңил. Эс алганга, план түзгөнгө, ойлонгонго убакыт болот.

— Көбүнчө улуттук кийимдердин жарнамасын жүктөйсүз?

Реплика Чунцинаа, построенная из монет и агатовых камней в Китае - Sputnik Кыргызстан
Шумкарбек Адилбек уулу: инвесторду эптеп көндүрсөк, салык менен Соцфонд чыга калат
— Чакан шоу-рум бар. Маселен үйдүн эле бир бөлмөсүн кийим сатууга ылайыктап, сатуучуларды чакыруу менен кабыл алып турат. Азыр шоу-рум Бишкекте дагы өнүгүп калыптыр. Сатылган кийимдин отуз пайызын өзүбүз, калганын башка дизайнерлер менен иштешебиз. Мосвкада атайын дүкөндөр абдан кымбат. Жеке эле өзүмдүн эмес, мекендештердин, буйрутма бергендердин ишин дагы жарнамалайм.

— Сатып алуучулар кимдер?

— Көбүнчөсү кыргыздар. Орустар, кавказдар келишет. Алар кийизден жасалган бут кийим менен көйнөктөрдү жакшы алышат.

— Социалдык тармакта жазган постторуңуз, жарнамаларыңыз абдан окумдуу. Пиар тармагын жакшы өздөштүргөндөйсүз?

— Пиар-жарнама тармагы боюнча окуп, бизнес-маркетинг жаатында көп китептерди карап чыктык. Бирок адамдын өзүндө бир нерсе болушу керек деп ойлойм. Кыргызстанда жаман нерсе жазса абдан популярдуу болот да, баары ошону талкуулай беришет. Бизде деле көйгөй көп, анын баарын жазып отурбайбыз. Өзүм позитивдүүмүн, жаман нерселерди жазбаганга аракет кылам. Жарнама жазсам дагы кайсы бир бөлүгүн тарбиялык мааниге багыттайм. 

© Sputnik / Табылды КадырбековИшкер Азамат Адылгазиев: жеке жашоого байланыштуу суроолорго көп көңүл бурбайм. Ар кандай себептерге байланыштуу акча чогултуп бер дегендер бар. Анан "макул, бирок ооруган кишиге акча керек болсо, анда сүрөтүн, дарыгердин справкасын кошо жөнөт" десең жоголуп кетишет
Бизнесмен Азамат Адылгазиев - Sputnik Кыргызстан
Ишкер Азамат Адылгазиев: жеке жашоого байланыштуу суроолорго көп көңүл бурбайм. Ар кандай себептерге байланыштуу акча чогултуп бер дегендер бар. Анан "макул, бирок ооруган кишиге акча керек болсо, анда сүрөтүн, дарыгердин справкасын кошо жөнөт" десең жоголуп кетишет

— Бир башкача жарнама сунуштагандар болобу? Кандай учурда пиар кылуудан баш тартасыз?

— Абдан көп сунуштар түшөт. Көбүнчө тармактык (сетевой) бизнести жайылтуу, дары-дармектерди өткөрүү боюнча жиберишет. Анан кыз-келиндерден "күйөөм мени балдарым менен таштап кетти, сүрөтү менен эл алдына чыгарып уяткарып коюңузчу" деген билдирүүлөр келет. Жеке жашоого байланыштуу суроолорго көп көңүл бурбайм. Ар кандай себептерге байланыштуу акча чогултуп бер дегендер бар. Анан "макул, бирок ооруган кишиге акча керек болсо, анда сүрөтүн, дарыгердин справкасын кошо жөнөт" десең жоголуп кетишет. Ичиңден элден тартынгандар же калп айткандар деп каласың.

— Жарнамада сулуу кыздар менен түшкөн сүрөттөрдү көп жүктөйсүз, мындан улам келинчегиңиз кызганбайбы?

— Жубайым түшүнүктүү. Менин ишимди жакшы билет.

— Социалдык тармакта ийгиликтүү жарнама жүргүзүүнүн жол-жобосу менен бөлүшө кетсеңиз?

Акча каражаттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Элдин колундагы акча болуп көрбөгөндөй көбөйдү. Кымбатчылык болуп кетпейби?
— Ар бир социалдык тармактын жеке талабы, өзгөчөлүгү, айырмачылыгы бар. Ушул нерселерди эске алуу зарыл деп ойлойм. Маселен, биз Instagram тармагында анча белгилүү эмеспиз. Фейсбуктагы лимит менен баракчаларды кошкондо 30 миңден ашык киши бар. Facebook тармагында интеллигент болушуң керек. Одноклассникиде каалаган нерсеңди жаза берсиң. Бирок ал жактан да пайда тапса болот. Кыргыздар арасында бул тармак абдан кеңири таралган.

— Анан кантип "Азамат Советник" болуп калгансыз?

— Өткөндө бирөө көчөдөн көрүп "Азамат Советник байкесизби?" деп сурап калды. Кечээ телефонум өчүк болсо, бүгүн WhatsApp тиркемесиндеги каттардын саны 631ге жетип калыптыр. Ачсаң маанилүү да, маанисиз да билдирүүлөр бар. Анан ар кимге акыл айта берип мээ кайнайт. Ошондой күндөрдүн биринде "Советник" деген киного барып калдым. Андан таасирленип социалдык тармактарга Аза Советник болуп катталып алгам. Кийин Азамат Советник болуп алдым.

— Мекенчилдик сезим чет жакка чыкканда көбүрөөк күчөйт деп айтып коюшат экен?

— Ошондой болуп калат. Маселен, Москвада бирөө каза болуптур десе "сөөгү талаада калбасын, акча чогулталы, жардамдашалы" деп жан тартабыз. Ал жакта ар кандай коомдор иш алып барат. Анан бул жакта эле жүрө беребизби айылга жардамдашалы, айдоо ишине трактор сатып берип коелу, мектеп куруп берели деп турабыз. Бишкекке келсең, ар бири өз түйшүгү менен алек, айтор тиричилик деп чуркап жүргөн эле кишилерди көрүүгө болот. Эмнегедир бири-бириңдин ийгилигиңе кубана бербейсиң.

— Москвада жашап кетүү оорбу?

— Ачыгын айтканда ар бир адамдын өзүнө, пейилине жараша. Беш жылдан бери эч нерсе кылбай жүргөндөр деле бар. Ошол эле убакта үй салып, унаа алып, турмушун эптеп алгандар бар. Социалдык тармактан "жок дегенде тырмак боегонду үйрөнүп келгилечи" деп айтып калам. Бишкекте курстар арзан. Тейлөө кызматын үйрөнүп алуу зарыл деп ойлойм. Кээ бирөө мектепти бүтүп-бүтпөй элден "Россияга барса байып кетет" дегенди угуп алып эле жөнөп кетишет.

Азыр Москвадагы сулуулук салондоруна баш баксаң жок дегенде маникюр, макияж, чач-тарач боюнча кызмат көрсөткөн бир-эки кыргыз адис бар. Ошол эле учурда биздин адистерге кооптонбой жасаттырышат. Биз бир нерсени алып кетүү жагынан жөндөмдүүбүз.

— Россия эмнеси менен жагат?

Карнавальный парад в Панама-Сити - Sputnik Кыргызстан
Банкрот болгон нарындык миллионердин баласы: бөтөлкө чогултууга аргасыз болгом
— Бул жактагылар өзүнө убакыт бөлгөндү, эс алганды, саякаттаганды билишет. Адам китеп окубаса да көп саякаттаса дүйнө таанымы кең болорун билем. Саякаттоонун өзү — бакыт. Жакшы жери Россияда туристтик жолдомолор ыңгайлуу баада, каалаган жериңе түз бара аласың. Жылына жок дегенде эки мамлекетти көрүп келүүгө мүмкүнчүлүк бар. Келечекте Кыргызстанда туризм тармагын өнүктүрүү боюнча иш алып барууну пландап жатабыз.

— Мекенге качан келесиз?

— Бул жакта бир жыл мурда бизнес ачып, анан өзүбүз болбогондон кийин актаган жок. Анын үстүнө келип кете берип убакыттан, акчадан уттуруп жаттык. Оюбузда бир жакшы долбоор бар. Ошону ишке ашырып алсак бул жакта көбүрөөк болобуз деп ойлойм.

Жаңылыктар түрмөгү
0