Министр Боронов: израилдик турист кыз изделүүдө, азырынча илинчек жок

Жазылуу
Издөө иштери жүрүп жаткан аймакта уюлдук байланыш жок болгондуктан, куткаруучулар менен байланышуу мүмкүн болбой жатканы айтылууда.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Сары-Челек коругунда жоголуп кеткен израилдик турист Хилла Ливнени издөө иштери уланып жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына КРдин өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, азырынча эч бир илинчээк жок.

"Учурда издөө иштери Сары-Челек коругунун аймагында жүргүзүлүп жатат. Жеринде иштеп жаткан куткаруучулардын саны жетиштүү. Куткаруу операциясы деңиз деңгээлинен дээрлик эки миң метр бийиктикте болуп жаткандыктан, куткаруучулардын бардыгы жөө. Ал жакка атайын техниканын зарылдыгы жок. Аба ырайы суук, бирок кар түшө элек", — деди Боронов.

Сары-Челек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сары-Челекте жоголгон израилдик кыз шеригин таштап өзүнчө кеткен. Окуянын чоо-жайы
ӨКМдин буга чейинки маалыматында жеринде 20дай куткаруучу, Аксы райондук ички иштер бөлүмүнөн 23, Сары-Челек коругунан 5 кызматкер, 15 жергиликтүү тургун жана Израиль мамлекетинен келген төрт куткаруучу иштеп жатканы айтылган.

Министрдин билдиргенине караганда, чет элдик куткаруучулар Кыргызстандын аймагында куткаруу иштерин жүргүзүү боюнча эч бир орган менен макулдашкан эмес.

"Биз өз өлкөбүздүн ичинде жоголгон адамды издөөгө кудуретибиз толугу менен жетет. Чет өлкөдөн эч кимди чакырган жокпуз. Кечээ издөө иштерине катышуу үчүн жоголгон туристтин агасы келиптир. Ошол адам өз алдынча иштеген куткаруучуларды ала келиши мүмкүн. Балким дос же тууганы болуп калышы дагы ыктымал. Алардын туристти издөөсүнө мыйзам тыюу салбайт. Эгер алар мамлекеттин атынан келген болсо, биздин расмий органдар менен сөзсүз макулдашуу болмок", — деди министр.

Издөө иштери жүрүп жаткан аймакта уюлдук байланыш жок болгондуктан, куткаруучулар менен байланышуу азырынча мүмкүн болбой жатканы кошумчаланды.

Тик учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Израиль Сары-Челекте жоголуп кеткен жаранын издөө үчүн Германиядан тик учак суроодо
Эске салсак, Жалал-Абаддын Аксы районунда израилдик турист кыз 23-сентябрь күнү жоголуп кеткен. Анын кабарсыз кеткени тууралуу маалымат ӨКМге шейшемби күнү түшүп, аталган аймакка 10 куткаруучу жиберилген.

Ал эми турист менен чогуу жүргөн шериги 24 жаштагы Городесен Нафад Едипьия аскадан кулап, бутун сындырып алган. Ал Сары-Челек коругуна жөнөткөн Кыргызстандын туристтик фирмасы менен 24-сентябрь күнү байланышып, окуя жөнүндө кабар берген. Аны Аркыт айылында туристтерге кызмат көрсөткөн адамдар 25-сенбярь күнү гана табышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0