Тагдырга балта чапкан эмчек рагы: дартты Европадан келген адистер талкуулайт

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүДарыгерлер операция учурунда. Архив
Дарыгерлер операция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2010-жылы эмгек рагына 1732 аял кабылса, 2016-жылы бейтаптардын саны 3240ка жеткен

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Бүгүн Бишкек шаарында жергиликтүү дарыгерлер Европалык онкология мектебинин адистери менен биргеликте Кыргызстандагы рак илдетин көзөмөлдөө программасын талкуулашат. Бул тууралуу иш-чаранын уюштурган "Эргене" коомдук фондусунан билдиришти.

Аталган фонддун төрайымы Таалайгүл Сабырбекованын айтымында, акыркы жылдары өлкөдө онкологиялык оорулардын саны өсүп, алардын арасында эмчек рагы лидер бойдон калууда.

Эмчек операциясында даярданып жаткан айым. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда жыл сайын 100 миң аялдын 10у эмчек рагына чалдыгат
Мисалы, 2010-жылы бул илдетке кабылган аялдардын саны 1732 болсо, 2016-жылы 3240ка жеткен.

Тегерек столдун жүрүшүндө европалык адистер Кыргызстандын шартында жеткиликтүү болгон диагностика жана ракты дарылоо ыкмалары боюнча тажрыйбалары менен бөлүшөт. Ошондой эле бул тармакка инвестиция жана гуманитардык жардам тартуунун жол-жоболорун айтып беришет.

Иш-чарага саламаттык сактоо министри Талантбек Батвралиев, Улуттук онкология борборунун кызматкерлери, Жогорку Кеңеш депутаттары катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0