Милиция: ымыркайын ажатканага таштап салган аял кармалды

© AFP / JOHAN ORDONEZКол кишенчен аял. Архив
Кол кишенчен аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ошол убакта салмагы 3,396 граммды түзгөн наристе ооруканага жеткирилген

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. "Арча-Бешик" жаңы конушунда ажатканадан табылган ымыркайдын энеси делген аял табылып, камакка алынганын Бишкек ШИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаЗадержанная мать новорожденной девочки, выброшенной в туалете столичной новостройки
Задержанная мать новорожденной девочки, выброшенной в туалете столичной новостройки - Sputnik Кыргызстан
Задержанная мать новорожденной девочки, выброшенной в туалете столичной новостройки

"Иликтөө маалында наристенин энесинин ким экени билинип, кайда жүргөнү такталды. Ал Нарын облусунун 22 жаштагы Б.Ж. аттуу тургуну болуп чыкты. Учурда убактылуу кармоо жайына киргизилип, иликтөө иштери башталды", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, ушул жылдын 31-август күнү "Арча-Бешик" жаңы конушундагы ажатканалардын биринен жаңы төрөлгөн кыз табылган.

Ошол убакта салмагы 3,396 граммды түзгөн ымыркай ооруканага жеткирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0