Эксперт: жүрөк оорусунан күн сайын 50 кыргызстандык көз жумат

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүЖүрөккө операция жасоо. Архив
Жүрөккө операция жасоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Статистика жарандардын медициналык мекемеге кайрылуусу боюнча түзүлгөн

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Жүрөк ооруларынан улам күн сайын 50 кыргызстандык көз жумарын Миррахимов атындагы Кардиология жана терапия улуттук борборунун директорунун орун басары Рыскүл Кыдыралиева видеокөпүрө маалында айтты.

© Sputnik / Максат ЭлебесоваМиррахимов атындагы Кардиология жана терапия улуттук борборунун директорунун орун басары Рыскүл Кыдыралиева
Видеомост, посвященный Всемирному дню сердца - Sputnik Кыргызстан
Миррахимов атындагы Кардиология жана терапия улуттук борборунун директорунун орун басары Рыскүл Кыдыралиева

Жүрөктүн эл аралык күнүнө арналган иш-чара Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өткөн.

Дрейфующий ледовый лагерь Барнео в Арктике - Sputnik Кыргызстан
Ары турчу!.. Маани бербеген, бирок жүрөк айланткан 5 оору
Кыдыралиеванын айтымында, эгер Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр ооруларынан 50 киши көз жумса, дүйнө жүзүндө расмий маалымат боюнча жылына 18 миллион адам набыт болот. Анын 50 пайызы инфаркт жана инсульт дартынан каза тапкандар.

Бул сан чыныгы абалды чагылдырбай турганы, себеби статистика жарандардын медициналык мекемеге кайрылуусу боюнча түзүлгөнүн ал кошумчалады.

"Өлкөдө ар бир экинчи-үчүнчү чоң кишинин кан басымы жогору. Ар бир үчүнчү киши тамеки чексе, калктын 80 пайыздан ашыгынын жашоо образы анчейин активдүү эмес. Ушунун баары кишинин жүрөк-кан тамыр ооруларынан көз жумушуна алып келет", — деди Кыдыралиева.

Адис аталган илдеттердин пайда болуу факторлорунун алдын алуу аракеттери көрүлүп жатканын маалымдап, медициналык тейлөөнүн сапатын жакшыртуу боюнча программа ишке ашып жатканына токтолду.

Видеокөпүрө Минск, Кишинев, Астана жана Бишкектеги адистердин баарлашуусуна шарт түздү.

Жаңылыктар түрмөгү
0