Интернетте Исаевге окшогон кишинин "согушкерлер үчүн акча берген" видеосу тарады

© Sputnik / Табылды КадырбековАкча санап жаткан адамдын архивдик сүрөтү
Акча санап жаткан адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖК депутаты Кылмыш жаза кодексинин үч беренеси боюнча күнөөлөнүп жатат

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Абдураим Бакытов аттуу пайладануучу өзүнүн Youtube каналына Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевге байланышкан үч видеотасманы жарыялады.

Канат Исаевдин кармалышы боюнча түшүндүрмө берди. Видео - Sputnik Кыргызстан
УКМК Канат Исаевдин кармалышы боюнча түшүндүрмө берди. Видео
Эскерте кетсек, эл өкүлү 30-сентябрь күнү кечке маал кармалган. Ал Башкы прокуратура тарабынан массалык башаламандык уштурууга жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн деп айыпталып жатат. 

УКМК Исаевден тышкары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү да кармалганын билдирди. Башкы прокуратуранын тараткан маалыматы боюнча Исаев эгер президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов шайлоодо утулуп калса массалык башаламандык уюштуруп, бийликти басып алуу боюнча айрым адамдар менен сүйлөшкөн.

Биринчи ролик “Бийликти басып алуу боюнча криминалдын сүйлөшүүсү (Бабанов — президент, Исаев — спикер, Төрөбаев — премьер-министр)” деп аталат. 

Экинчисинин аталышы “Канат Исаев бийликти басып алуу үчүн криминалды даярдаган!”. 

Үчүнчү тасма “Канатбек Исаев криминалга согушкерлерди даярдоо үчүн миллион берип жатат” деген аталыш менен чыкты.

УКМКнын айтымында, массалык башаламандыкка адамдарды тартуу үчүн Исаев тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрүнө ири суммадагы акча берилип, бийликти курал менен басып алуу жана абалды туруксуздаштыруу аракеттери да каралган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0